Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Равшан Жээнбеков депутаттыкка талапкер болуу укугу бузулуп жатканын айтты


Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Камактагы оппозиционер Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюу укугу бузулуп жатканын айтууда. 24-апрелде ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жетекчилигине ага Конституция менен мыйзам жол берген укугун ишке ашыруу үчүн шарт түзүүгө буйрук берүүнү суранды.

“Каттоо бүтөрүнө төрт күн калды. Тилекке каршы, ЖАК жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп жатат. Мен түрмөдө жатсам дагы Конституция менен мыйзам мага депутаттыка да, президенттикке да талапкерлигимди коюуга жол берет”, - деди Жээнбеков.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 20дан ашык белгилүү саясатчы, активист, алардын арасында Равшан Жээнбеков былтыр октябрда камакка алынган. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат, өзүлөрү муну саясий куугунтук деп баалоодо.

Жогорку Кеңешке Бишкектин Ленин району боюнча депутат болгон Жаныбек Абиров өткөн айда мушташка байланыштуу мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна талапкер болуу ниетин Жээнбеков 27-мартта жарыялаган.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбеков камакта отурган жеринен Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан талапкер катары катталган. Шайлоодо Жаныбек Абиров менен атаандаш болгон. Абиров 31% ашык добуш менен жеңген, Жээнбеков 10% ашык добуш алып, экинчи орунга чыккан. Ал кезде Жээнбеков камакта Кой-Таш окуясына байланыштуу отурган. (RK)

XS
SM
MD
LG