Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Парижде орусиялык жетекчинин мурдагы жубайына каршы акция өттү


Тимур Иванов.
Тимур Иванов.

Орусиянын коргоо министринин орун басары Тимур Ивановдун мурдагы жубайына каршы санкция жарыялоону талап кылгандар 23-апрелде Франциянын борбору Парижде акция өткөрүштү. Камактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальный негиздеген “Коррупцияга каршы эл аралык фонд” уюму уюштурган пикетке ондогон адам катышып, Ивановдун мурдагы жубайы, ишкер Светлана Маниовичке каршы санкция жарылоону талап кылышты.

“Коррупцияга каршы эл аралык фонд” жакында Маниович тууралуу иликтөөсүн жарыялап, ал былтыр августта күйөөсү менен ажырашканы тууралуу маалымат жалган экенин ашкерелеген.

Иванов Орусиянын Коргоо министрлигинде мүлк башкармалыгын жетектейт жана курулуш тармагын көзөмөлдөйт. Ага Украинанын Орусия басып алган Мариупол шаарында курулуш иштерин жетектөө милдети жүктөлгөн. Батыш өлкөлөрү Ивановго Украинага каршы согуштагы ролу үчүн санкция жарыялаган.

Париждеги пикет Маниовичке таандык батир жайгашкан үйдүн жанында өттү. Францияда израилдик паспорт менен жашап жаткан аял тууралуу иликтөөдө ал “Күйөөсү Украинада адамдарды өлтүрүп, акча жасап жаткан учурда аялы Европада бриллианттарга ээ болуп, Сен-Тропеде айына 150 миң евро ижара төлөнүүчү виллада жашап жатат” деп жазылган. Ошондой эле иликтөөчүлөр Ивановду жемкорлукка айыптаган материалдарды жарыялашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG