Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Индия быйыл жайда калктын саны боюнча биринчи орунга чыгары күтүлүүдө


Индия
Индия

Индия быйыл жайда Кытайдан ашып өтүп, дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсү болуп калат деп күтүлүүдө. БУУ мындай божомолун 19-апрелде жарыялады.

Улуттар Уюмунун тиешелүү фондунун жаңы баяндамасында Индиянын калкы жылдын орто ченинде 1 миллиард 428 миллион жетери, Кытайдыкы 1 миллиард 425 миллион болору айтылат. Демек, Индия кошуна өлкөнү 3 миллион кишиге ашып өтөт.

Кытайдын калкы былтыр 1960-жылдан бери биринчи жолу кыскарды. Ал жылдары Мао Цзэдундун айыл чарба саясатынан миллиондогон адам ачарчылыкка кабылып кырылган. Бээжин 1980-жылдары калктын тез көбөйүшүн ооздуктап туруу үчүн "бир бала саясатын" киргизип, 2016-жылы баш тарткан. Ал эми 2021-жылы түгөйлөргө үч балалуу болууга уруксат бере баштады.

Аялдар аз төрөп, жумушка жарамдуу адамдардын саны азайганы, Кытай демографиялык маселелерге туш болду.

Индияда 2011-жылдан бери эл каттоо жүргүзүлбөгөндүктөн, калкынын саны тууралуу эң акыркы расмий маалымат жок. Эл каттоо 2021-жылы өткөрүлүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге калтырылган.

Логистикалык тоскоолдуктарга жана саясий каршылыкка байланыштуу иш-чара жакында өткөрүлбөйт көрүнөт.

Сынчылар өкмөт келерки жылы өтө турган шайлоонун алдында жумушсуздук өңдүү маселелерди жашыруу үчүн эл каттоону атайылап кечеңдетип жатат деп эсептешет.

БУУнун маалыматына караганда, азиялык дөө-шаа аталган мамлекеттин калкынын жарымы 30 жашка чейинкилер.

Өлкө ошондой эле көбөйүп жаткан калкын электр энергиясы, азык-түлүк жана турак жай менен камсыз кылууда чоң кыйынчылыктарга туш болууда.

БУУнун жаңы баяндамасында ошондой эле 2023-жылдын ортосуна чейин дүйнө калкынын саны 8,045 миллиардга жетери болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG