Орусиянын Мамдумасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинде аскердик фейк жана дискредитация үчүн жарандыктан ажыратуу каралган.
Мындан тышкары орус бийлиги массалык башаламандыкка катышуу, митинг боюнча мыйзамдарды бир нече жол бузуу, аскердик кызматтан баш тартуу, дезертирлик жана “чет элдик агент” боюнча мыйзамдар аткарылбаган учурда да орус жарандыгынан ажырата алат.
Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, жарандык алгандарды андан ажыратуу чечимин аткаруу бийлигинин ички иштер тармагындагы федералдык органы же анын аймактык өкүлчүлүгү кабыл алат.
Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аймагында төрөлгөн адамды жарандыктан ажыратуу мүмкүн эмес. Ал эми жарандык кийин алынган болсо, анда аны берилген документтердеги каталардан улам же соттун өкүмү менен жокко чыгарууга болот.
2017-жылы терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорду Орусиянын жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алынган.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына быйыл январь айында жарыяланган маалыматка таянсак, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 кыргызстандык орус жарандыгын алган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат.
Акыркы 30 жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.