Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Зеленский Авдеевкадагы фронтко барды


Владимир Зеленский Авдеевкада украин аскерлерин сыйлап атат. 18-апрель, 2023-жыл.
Владимир Зеленский Авдеевкада украин аскерлерин сыйлап атат. 18-апрель, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын бир нече айга созулган чабуулунун чордону болгон Авдеевкадагы фронтко барды.

Бул тууралуу президенттин кеңсеси 18-апрелде кабарлады. Маалыматта Зеленский Авдеевкада мекенин коргоп жаткан жоокерлер менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганы айтылат.

“Биздин жерди, Украинаны, биздин үй-бүлөлөрдү коргогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди жоокерлерге кайрылган Зеленский.

Мунун алдында Кремль президент Владимир Путин Украинанын Херсон жана Луганск облусундагы орус аскерлеринин штабына барганын кабарлаган.

Бирок анын качан барганы жазылган эмес. Көз карандысыз булактар сапарды бышыктаганы тууралуу жаңылыктар да жок.

Украинанын Башкы штабы бейшембиде орусиялык күчтөр чоң жоготууга учураганына карабай Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуул жасап атканын кабарлаган. Мындай аткылоодо жаракат алган жана мерт кеткен жай тургундар бар экени айтылды.

XS
SM
MD
LG