Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Казакстанда абактагы окуядан эки аскер, бир кызматкер жабыркады


Казакстандагы абактардын бири. Архив сүрөт.
Казакстандагы абактардын бири. Архив сүрөт.

Казакстандын Түркстан облусундагы абакта жаңжал чыгып, жазасын өтөп жаткандар мекемедеги электр трансформаторун өрттөшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин комитети кабарлады. Окуя 20-сентябрь күнү кечинде болгон.

Маалыматта абактагылар мекемедеги кармоо режимине нааразы болушканы айтылат. Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 428 – беренеси (“Кылмыш-жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына бай ийбөө”) менен иш козголду. Аталган абакка тийиштүү күч органдарынын өкүлдөрү, Улуттук гвардиянын аскерлери барышты.

Окуядан жараат алган Улуттук гвардиянын эки аскери жана абактын бир кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлдү. Комитет соттолгондордун арасында жараат алгандар жөнүндө кабарлаган жок. Абактагылардын нааразылыгына эмне себеп болгону дагы белгисиз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана укук коргоо жаатындагы эл аралык уюмдардын баяндамасында Казакстандын абактарындагы кармоо шарттарынын начардыгы, кыйноо фактылары жөнүндө айтылат. Казак бийлиги көпчүлүк учурда баяндамада айтылгандарга комментарий бербейт.

Казакстандын абактарында 30 миңге жакын соттолуучу бар. Укук коргоочулар түрмөлөр толуп калганын айтып келет. 2024-жылы өлкөдөгү 78 жабык жайга казынадан 10 миллиард тенге (145 млн доллардын тегерегинде) бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG