Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстанда биринчи жолу электрондук медициналык документ берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда саламаттык сактоо системасында биринчи жолу электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен медициналык документ берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеме бул санариптик өнүгүүдөгү маанилүү кадам экенин, ал медициналык маалымат алмашуу жараянын кыйла жөнөкөйлөтөрүн жана тездетерин маалымдады.

Санариптик кол тамга коюлган биринчи электрондук медициналык документ Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө түзүлгөн. Бул кагаз балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн колдонулат.

Министрлик бул электрондук документ медицина тармагын санариптештирүүнүн башталышы экенин жана ал улантыларын билдирди.

Мурдараак президент Садыр Жапаров санариптештирүү жараянын өзү көзөмөлдөй турганын, бул боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Ал Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин Фейсбукка чыгарган. Кийин мамлекеттик органдар тиешелүү тапшырмаларды аткарганы кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG