Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Аба ырайы: жаан жаайт


17-18-апрелде Кыргызстандын туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыны айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетет.

19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

18-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 72-107-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолундагы Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 192-211-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 6…8 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG