Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Жаңы-Өзөндө газ жарылып, бир киши каза болду


Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Казакстандын Жаңы-Өзөн калаасында эки кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде газ жарылып, бир адам каза тапты.

Бери дегенде 12 киши жараат алганын, көбү уранды астынан куткарылганын жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 17-апрелде болгон. Беш киши ооруканага жаткырылган.

Жарылуунун себеби иликтенип жатат. Баштапкы божомолдорго ылайык, газ баллону жарылган болушу ыктымал.

Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаев окуя болгон жерге барды. Урандыларды тазалоого, жабыркагандарга жардам берүүгө 150 полиция кызматкери, Улуттук гвардиянын 60 өкүлү катышууда.

XS
SM
MD
LG