Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Айзаданын өлүмү: милициянын мурдагы башчысына козголгон иш сотко өттү


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Бакыт Матмусаевге карата “шалаакылык” беренеси менен тергелип жаткан иш сотко өткөнүн кабарлады.

Анын айтымында, алгачкы отурум Биринчи май райондук сотуна 25-апрелге белгиленди. Буга чейин Токтакунов милициянын мурунку башчысына айыбы угузулуп, иш прокуратурага өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Азырынча Бакыт Матмусаевден комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Айзаданын өлүмүнөн кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилген. Милиция кызматкерлеринин иш-аракетин "Шалаакылык" беренеси менен Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергеп жатканы белгилүү болгон.

Кызматтан алынган Бишкек шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Бакыт Матмусаев кийин ички иштер министри Улан Ниязбеков кеңешчиси болгону айтылган.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, зордуктап, андан кийин өз жанын кыйганы айтылган.

Жабыркаган тарап өз убагында аракет кылса жана кайдыгерлик болбосо, кыздын өмүрүн сактап калууга болмок деп милицияны айыптап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG