Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Украина: Бир күндө элүүдөн ашуун чабуулдун мизин кайтарылды


Бахмуттун айланасындагы салгылаш.
Бахмуттун айланасындагы салгылаш.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 11-апрелде эртең менен украин армиясы бир сутка ичинде өлкө чыгышында орус күчтөрүнүн 52 чабуулунун мизин кайтарганын билдирди.

Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

"Каршылаш тарап техника жана аскерлер арасында чоң жоготууга учураганына карабай басып алуу ниетинен баш тарта элек. Негизги күчтү Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка багытына жумшап, чабуулга өтүүгө аракет кылууда. Биздин аскерлер өткөн суткада аталган багыттардагы 52 чабуулдун мизин кайтарды", - деп билдирди Башкы штаб.

Башкы штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада орус армиясынын Лиман багытындагы Макеевка, Чернопоповка, Белогоровка калктуу пункттарына жакын чабуулдары ийгиликсиз аяктаган. Бахмут багытында чабуулдар уланып, шаарды алуу үчүн салгылаш уланууда.

Маалыматта соңку 24 саатта Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын аймагына 39 жолу абадан жана ракетадан жети жолу сокку урду, анын төртөө С-300 абадан коргонуу системасынан Краматорскиге атылганы айтылат.

Орусиялык күчтөр украин аскерлеринин позициясына жана калктуу конуштардагы жарандык инфраструктурага ракеталык системалардан 47 жолу чабуул жасаган.

Башкы штаб Украинанын бардык аймагында ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору экенин баса белгиледи.

Украинанын чыгыштагы аскер күчтөрүнүн командири, генерал-полковник Александр Сырский Бахмуттагы кырдаал "татаал, бирок көзөмөл астында" экенин билдирген. Орусиялык күчтөр стратегиялык жана оорукана баштаган керектүү объектилерди жер менен жексен кылган тактикага өткөнүн кабарлаган.

Ал орус армиясы Бахмутта аба соккулары жана артиллериялык аткылоо менен имараттарды талкалап жатканын айткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG