Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Жемкорлук тууралуу айтып чыккан айыл өкмөт башчысы үй камагына чыгарылды


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгенин айтып чыккан Бекжан Жалилов үй камагына чыгарылды. Адвокат Асылбек Кунгуров билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны менен кошо кармалган Саатбек Эгембердиевди үй камагына чыгаруу арызын канааттандырган жок.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов 2022-жылы 25-мартта кармалган.

Баткен облустук прокуратурасы Саатбек Эгембердиев жана ошол кездеги анын орун басары Акжол Абдуллаев жана ал убакта эсепчи болуп иштеген Бекжан Жалилов сапатсыз курулуштарга акчаны мыйзамсыз которуу боюнча айыпталып жатканын маалымдаган. Жалилов менен Эгембердиев коюлган айыпты четке каккан.

Башкы прокуратура айыпталуучулар 2014-2019-жылдары жеке пайда көрүүнү көздөп, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн туруктуу коррупциялык байланыш түзгөнүн билдирди.

2022-жылы март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүндө аталган кишилер айылдагы жемкорлук жөнүндө айтып беришкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG