Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:56

Аба ырайы: ашууларда көчкү коркунучу бар


Бишкек-Ош жолу. Ала-Бел.
Бишкек-Ош жолу. Ала-Бел.

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Ашуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 11…13° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG