Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Жогорку Кеңеште Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси каралды


Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт.
Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт.

Жогорку Кеңеште 10-апрелде айрым депутаттардын, тиешелүү министрлик-мекемелердин жана тургундардын катышуусунда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда дамбалар убагында курулбагандыктан суунун нугу бурулуп, гектарлаган жер коңшу өлкөгө өтүп кеткени айтылды.

"2012-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин атайын чечими чыгып, жылына бекемдөө иштерине 200 миллион сомдон акча бөлүп туруу маселеси каралган. Ал толук аткарылбастан, тиешелүү өлчөмдөгү каражат бөлүнбөй келүүдө. Кооптуу деп аныкталган 193 тилкенин 39уна гана дамба курулган. 10 жылдан бери болгону 438 миллион сом берилген. Жээктерди бекемдөө, дамбаларды куруу иштерине жалпы талап кылынып жаткан сумма 2,3 миллиард сомду түзөт",-деп жазылган маалыматта.

Жыйындын соңунда бул маселени парламенттин тармактык комитетинде кароо чечими кабыл алынды.

Буга чейин Аламүдүн районунун Октябрь айылынын айрым тургундары аталган маселе тууралуу депутат Сеидбек Атамбаевге кайрылышкан.

Мындан эки жыл мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажыраганын билдирген. Ал жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатканын, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин айткан.

Андан бир жыл мурда Кемин районунда Чым-Коргон айылынын айрым тургундары дагы ушул маселени көтөрүп чыккан.

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизген.

Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

XS
SM
MD
LG