Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Бишкектин түштүгүндөгү курулуштар боюнча кылмыш иши козголду


Айтматов жана Масалиев көчөсүнүн кесилиши. "Азаттыктын" 2018-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт.
Айтматов жана Масалиев көчөсүнүн кесилиши. "Азаттыктын" 2018-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкек башкы архитектура”, “Кадастр” жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызматкерлери “А.С” деп аталган курулуш компанияга калаанын түштүк бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз даярдап бергени аныкталганын кабарлады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органдын текшерүүсүндө жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шаар куруу жана жер тилкесине болгон укуктук документтерине атайын жалган маалыматтарды, кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкени аныкталган.

Азырынча канча кызматкер экени жана алардын аты-жөнү айтылган жок. Шектүү тарап жана аталган ишканалар комментарий бере элек.

Прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракетинен шаар курууда башаламандыктар орун алган деп эсептейт. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Акыркы беш жылдын ичинде Бишкектин түштүк бөлүгү, айрыкча Айтматов көчөсүн бойлой көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Бир катар архитекторлор ал курулуштарды сындап чыгышкан.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына жана калаанын “Түштүк аймагы” долбоорунун башкы архитектору Жыргалбек Асаналиевге кылмыш ишин козгогон. Асаналиев былтыр сентябрда кармалып, сот алгач аны тергөө бүткүчө камакка алган кийин кайра үй камагына чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG