Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

"Кыргызстан көздөн учту". Ирак түрмөсүндөгү аялдар муңу


Ирактагы түрмөдө отурган аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирактагы түрмөдө отурган аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүштү.

Алар 2017-жылдан бери абакта жатканын айтышты. Алды 65 жашка таяп калса, арты араң 20га толгон. Айрымдары 10-20 жылга, кээ бири өмүрүнүн акырына чейин кесилген же өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин жазасы жеңилдетилген.

“Террорчу болууну каалаган эмеспиз”

"Мен Ирактын Багдад шаарындагы №6 “Русафа” түрмөсүнөн байланышып жатам. Алты жылдан бери эркиндик көзүнөн учуп, балдарын сагынып, жакындарынын жанына барууну эңсеген кыргызстандык 40 аялдын атынан кайрылып жатам. Биз өзүбүзгө тагылган айыптоолорду жокко чыгарууну жана Кыргызстанга алып кетүүнү суранабыз", - деди 27 жаштагы Нилуфар. Ал Оштун Араван районунан:

Багдадда түрмөдө жатканын айткан келиндер “Азаттык” радиосу менен 31-мартта, кийин 2-апрелде Телеграм жана Вотсап аркылуу байланышты. Түрмөнүн ичинен тартылган сүрөттөрдү жөнөтүштү. Алардын аты-жөнү жана телефон номурлары “Азаттыкка” белгилүү. “Абактагы коопсуздукка байланыштуу” деген алардын өтүнүчүнөн улам ысымдарын өзгөртүп беребиз.

Нилуфар: Кыргызстандык 40 аялбыз түрмөдө.

"Азаттык": Кыргызстандын ар кайсы аймагынанбы же Ош облусунан элеби?

Нилуфар: Түрдүү облустардан.

"Азаттык": Эмне себептен камалып калдыңар?

Нилуфар: Көпчүлүгүбүз 2014-2015-жылдары Сирия менен Иракка күйөөлөрүбүздү ээрчип келгенбиз. Айрым апалар балдарынын артынан келген. Келген аялдардын баары карапайым, аларды алдап тузакка түшүрүү оңой. Эч кимисинин жогорку билими жок. Алданганы көрүнүп эле турат.

Бирок кимге, кантип алданышканын Нилуфар түшүндүрүп бере албады. Бирөөлөр күйөөсүнө жогорку маяналуу жумуш убада кылганын, ошолорго ишенгенин улам-улам кайталады.

Нилуфардын кат түрүндөгү кайрылуусу
Нилуфардын кат түрүндөгү кайрылуусу

Нилуфар менен байланыш бир канча жолу үзүлдү. Ал кайра коңгуроо кагып, абакта интернет байланышы начар экенин, телефонду түрмө сакчыларынан жашыруун колдонорун түшүндүрдү.

2014-2015-жылдары Сириядагы жана Ирактагы айрым аймактарда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары чабуулдарын күчөтүп, кээ бир шаар-кыштактарды басып алган. Алар катарына дүйнөнүн түрдүү жерлериндеги радикалдуу диний көз карашы бар адамдарды тарткан.

Нилуфар жихад жөнүндө эч кандай маалыматы жоктугун айтып берди:

Нилуфар: Бизге, жеке мага ал жакта жумуш бар экенин, көп айлык төлөнө турганын айтышкан. Күйөөмө да ошентип айтышкан экен. Иштейли деп келгенбиз.

"Азаттык": Силерди ким чакырды эле?

Нилуфар: Күйөөм билчү, мен кабарсыз элем.

"Азаттык": Жолдошуңуз кай жерде азыр?

Нилуфар: ​ Күрдистандын Пешмерга деген жерине чогуу келгенбиз. Ката кылганыбызды аңдап-билгенден кийин ошол жакка барганбыз. Андан бери жолдошумдун кай жерде жүргөнүн билбейм. Тирүүбү же каза болдубу, андан да кабарым жок.

Нилуфар азыр 27 жашта. Сирияга күйөөсүн ээрчип барганда 18 гана жашта болгон.

“2017-жылы августта Күрдистан аймагына өттүк. Ал жактан бизди өз мекенибизге депортация кылууну өтүндүк. Алар бизди Багдадга жөнөтүштү. Ал жактагы күч кызматкерлери бизге түрдүү документтерге кол койдурушту. Алардын тилин түшүнчү эмеспиз. Аягында соттолуп жатканыбызды түшүндүк. Айрымдарыбызды өлүм жазасына өкүм кылып, кээ бирлерибизди өмүр бою түрмөгө кести. Тил билбеген, өзүн актай албаган билимсиз аялдар терең кудукка түшкөндөй калып кеттик”.

Нилуфар өзү менен чогуу “Русафа” абагында отурган мусулман аялдар "ыйык Орозо айында мекенге кетүү өтүнүчүбүзгө кыргыз бийлигине оң жооп берет" деген үмүт артып отурганын кошумчалады.

Түрмөдө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.
Түрмөдө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.

“Түрмөдө каза болгон аялдар бар”

“Мен жогорку билимдүү болууну каалаган элем. Бирок окуй алган эмесин. Бул үчүн азыркыга чейин өкүнөм. Окуу жайга тапшырып билим ала турган күндү күтөм".

Ноокаттык Фарида жакында 30га чыгат. Ал дагы согушка күйөөсү менен келген. Анда 22 гана жашта болгон. Фарида Ирактын аялдар түрмөсүндөгү шарт өтө начар экенин айтып ыйламсырады:

“Бир камерада бери дегенде 50 адам отурат. Мурда балдарыбыз бар кезинде бир камерада 120га чейин киши камалып турчу. ЮНИСЕФ аркылуу бизге төшөк-жууркан жана башка зарыл каражаттар берилет. Акыркы жолу матрас жана жуурканды эки жыл мурда алганбыз. Элүү кишиге бир мончо бар”.

Адашканын кеч түшүнүп, өкүнгөн аялдардын эч кимиси өзүнө кандай айып коюлганын так билбейт. Террорчулукка байланыштуу соттолгонун гана аңдашат.

"Расафа" түрмөсүнүн коридору. "Азаттыкка" байланышка чыккан аялдар жөнөткөн сүрөт.
"Расафа" түрмөсүнүн коридору. "Азаттыкка" байланышка чыккан аялдар жөнөткөн сүрөт.

Фарида: Террорго эч кандай тиешебиз жок. Биз күйөөлөрүбүзгө баш ийип гана келгенбиз. Балдарыбыз жетим болбосун дегенбиз. Террорчу болууну каалаган жок элек.

"Азаттык": Жаныңыздагы аялдардын күйөөлөрү же өздөрү ал жакка эмне үчүн баратканын билгенби? Же сиз сыяктуу алданганын айтышуудабы?

Фарида: Билбейм. Мен тааныган аялдардын баары алданып келген.

Ирактагы түрмөдө телефон алып жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, аялдар бир чөнтөк телефонду катып, чогуу колдонушат.

Кез-кезде Кыргызстандагы жакындары менен сүйлөшүп турушат. Кыз-келиндер отурган түрмө Багдаддын Ал-Русафа районунда жайгашкан. Бул жерде негизинен диний радикализмге, террорчулукка айыпталгандар отурушат.

“Сизге айтып жаткан ар бир маалыматым чын. Бул жерде ыйлап таң атырабыз. Алыстагы балдарын сагынышат. Эне үчүн баласын көрбөгөндөн өткөн азап барбы? Балдарыбызды Кыргызстанда апаларыбыз багып атат. Бул жерде дары-дармек жетишсиз. Ооругандар көп. Бир адам ооруп калса, сакчылардан эки жумадай сурап атып дары алабыз. Бир топ аял жакшы боло албай каза тапты. Алар башка өлкөлөрдүн жарандары эле. Кыргызстандыктар арасында көз жумгандар жок”.

Фариданын айтымында, түрмөдөгү 15 камерада 500дөн ашуун чет өлкөлүк аял камалган.

Абактын сакчылары тинтүү жүргүзүп чыгып кеткенден кийинки учур. "Азаттыкка" байланышкан аялдар жөнөткөн сүрөт.
Абактын сакчылары тинтүү жүргүзүп чыгып кеткенден кийинки учур. "Азаттыкка" байланышкан аялдар жөнөткөн сүрөт.

Reuters агенттиги 2021-жылдын 19-мартында Багдаддын Ар-Русафа районундагы абакта 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борбор азиялыктар да отурганы белгиленген.

"Мисалы, биз менен чогуу бойго жете элек кыздар да соттолгон. Бойго жете электе келгендер беш жылга чейин жаза алган. Алардын экөө жаза мөөнөтү бүтүп, былтыр Кыргызстанга кетишти. Арабызда азыр 21-22 жаштагы кыздар бар. Айрымдар 15-20 жылга кесилген", - деди Фарида.

Фарида алгач Сирияга барганда тынч кыштактарда жашаганын, согушту көрбөгөнүн, аялдар үйдөн сыртка чыкпай, балдары менен гана болгонун айтып берди. Күйөөлөрү эртең менен жумушка деп кетип, кечинде келип жүргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, кыргызстандык кыз-келиндер арасында адегенде өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин жазасы жеңилдеп 20 жылга камалгандар да бар.

“Туура эмес кылган экенбиз. Өкүнүп отурабыз. Эркек болобу, аял кишиби, кандай гана иш жасабасын, кандай гана кадам таштабасын, адегенде жакшылап ойлонушсун”.

Абактагылар бөлмөдө сыртка чыгып, күнүгө ушул жерде эки саат басышат. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.
Абактагылар бөлмөдө сыртка чыгып, күнүгө ушул жерде эки саат басышат. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.

“Азаттыкка” сүйлөп берген келиндердин сөзүн угуп отурсак, түрмө сакчылары каалаган учурда камерага кирип келип, текшерет. Кокус телефон табылса, жазага тартат. Кандай жаза экенин ачык айтышкан жок. Күнүгө эки саат гана таза абага чыкканга уруксат берилет. Бирок абактагы басып жүрчү жердин да үстү жабык болгондуктан, “дээрлик күндүн көзүн көрбөйбүз” дешти.

Буга чейин Ирак же Сириядагы кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери, туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге алып келүүнү суранышкан. Алар аялдар ал жакка өз эрки менен кетпегенин, күйөөлөрүнө баш ийип чогуу аттанышканын билдирген.

Ирак менен сүйлөшүү кечеңдеп жатат

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары “Ислам мамлекети” радикал исламчыл тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан. Арасында кыргызстандыктар да бар экени маалым болгон. Алар кыргыз мыйзамдарына ылайык “ оор кылмыш кылды” деп эсептелет.

Былтыр 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын журналисттерге билдирген.

Министр тизмени тактоо иши уланып жатканын, эки өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы абактарда, лагерлерде отургандар тууралуу маалымат алуу оор болгондуктан алардын чыныгы саны мындан да көбүрөөк болушу ыктымал экенин кошумчалаган.

Кулубаев кыргызстандык аялдар менен балдарды мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок аларга чегерилген жазанын оордугун эске алганда бул иш татаал экенин белгилеген.

2021-жылдын март айында кыргыз бийлиги "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарып келген. Алардын 37си Ирак, Сирия жана Түркияда төрөлгөн. “Азаттыкка” Багдаддагы түрмөдөн байланышка чыккандар ошол балдардын арасында алардын да чүрпөлөрү бар экенин бышыкташты.

Дагы 18 аял жана 41 бала быйыл 16-февралда Бишкекке жеткирилген.

Абакта чоңдор менен бир канча бала да отурат. Келиндердин бири темир тордун артынан тарткан сүрөт.
Абакта чоңдор менен бир канча бала да отурат. Келиндердин бири темир тордун артынан тарткан сүрөт.

Терроризм жана коопсуздук боюнча эксперт, Женевада жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова бир канча жылдан бери Ирактагы жана Сириядагы чет элдиктердин жагдайын иликтеп жүрөт. Ушу тапта кыргызстандык 42 аял Ирактагы түрмөдө экенин белгиледи:

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

“Ирак бийлиги башка мамлекеттерге жарандарынын кичинекей балдарын алып кетүүгө уруксат бергенине эки жылдан ашты. Ал балдар энелери менен кошо абакта жатышты. 14-15 жашка чейинкилерди гана мекенине жөнөткөн. Ирактын соту жашы 14төн өткөндөрдү жихадчы катары соттойт. Бирок кыргызстандык канча балага андай өкүм чыкканы тууралуу азыр так маалымат жок. Мамлекеттер Ирак бийлиги менен сүйлөшүп, келишим түзүп, ал жактагы жарандарын алып келсе болот. Бирок азыр бардык эле мамлекеттердин башкы маселеси - Сириянын аймагындагы лагерлерде жаткан аялдарды, балдарды алып келүүгө көңүл бурууда. Кыргызстандын бийлиги да ошолор менен алектенүүдө”.

Сирия менен Ирактагы согушка аралашып, кийин мекение кайтарылган жарандарынан чочулаган өлкөлөр аларга түрдүү мамиле жасайт. Айрымдарын сот жообуна тартып, абакка отургузса, башкаларын реабилитация кылып, реинтеграциядан өткөрүү милдети турат.

“Эл аралык коомчулук Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү деп кармалгандардын маселесин чече албай жатат. Себеби, ал аймакта мамлекеттик бийлик жок. Кармалгандарды күрд аскерлери кайтарып турат. Соттогонго мамлекеттик бийлик да жок. Түрмө болобу же лагер болобу, шарт түзүп кармап турганга бийлик жок. Күрд аскерлери аларды чатырларда кармап турат. Учурда Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын биринчи маселеси - мамлекеттик бийлик жок аймакта калып кеткен жарандарды мекенине кайтаруу. Ушул көйгөйдү талкуулап жатышат. Согушчан болуп кеткен эркектерди мекенине алып келүү жагы азырынча карала элек. Ал эми аялдар менен балдарды алып кетүү иши жай жүрүүдө. Сириядагы маселе чечилбей, Ирактагы жагдайга көп көңүл бурулбай турат. Ирак өкмөтү эгемен мамлекет катары өз аймагында кармалган жоочуларды соттогон. Башка өлкөлөр үчүн жарандарын ал жактан алып кетүү оор. Ирак бийлигинин да аларды өткөрүп берүү ниети азырынча байкалбайт”, - деди Орозобекова.

Ирактан байланышка чыккан келиндер тууралуу макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени ошол учурда айтылган.

2013-2018-жылдар аралыгында "Ислам мамлекети" террордук уюму Сирия менен Ирактын аймактарынын бир топ бөлүгүн ээлеп алууга жетишкен. Батыштагы түрдүү изилдөөлөргө ылайык, жихадчылардын катарын ошол жылдары 40 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран толуктаган. Бул радикал топту Кыргызстанда сот 2015-жылы террордук уюм деп таап, ишмердигине тыюу салынган.

Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, чет мамлекеттеги куралдуу жаңжалдарга аралашкандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

XS
SM
MD
LG