Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Бишкектен башка шаарларга каттаган таксилер эки бекетке бөлүнөт


Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлардын бири.
Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлардын бири.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, шаарлар аралык таксилер каттам боюнча автобекеттерге бөлүштүрүлөт.

Мекеме мындай аракет жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыздоо, Батыш автобекетинин айланасындагы башаламандыкты жоюу максатын көздөй турганын билдирди.

"Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган таксилер Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат", - деп жазылган маалыматта.

Демилгени башкалаанын Биринчи май муниципалдык администрациясы көтөрүп, аны "Бишкек автобекет" мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдогон.

Мэрия Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталып, тосмолор орнотулуп жатканын, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөрүн жана унаа токтотууда эреже бузууларды каттоо үчүн видео камералар коюларын кошумчалады.

Азыр Бишкектеги Батыш автобекетинен өлкөнүн бардык облустарына автобус, маршруттук жана менчик таксилер каттайт.

Чыгыш автобекетинен Чүй облусундагы Токмок, Кемин, Ысык-Ата районуна каттаган маршруттук таксилер кетет. (BCh)

XS
SM
MD
LG