Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Кемпир-Абад иши: активисттер камакта отургандар боюнча ЕККУга кайрылды


ЕККУнун алдына чыкан активисттер. 6-апрель, 2023-жыл. Бишкек
ЕККУнун алдына чыкан активисттер. 6-апрель, 2023-жыл. Бишкек

Бир нече активист 6-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында акция өткөрүштү. Алар ЕККУну өз мандатын пайдаланып, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндигинин абалына байланыштуу маселелерге көңүл бурууга чакырышты. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пикирлерин ачык айтып чыккандан кийин камалган саясатчы, активист, блогерлердин ишине көңүл бурууга үндөштү. Активисттер ушул маселелер камтылган кайрылууну уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчилигине тапшырышты.

"ЕККУнун мандаты - коопсуздук болуп эсептелет. Адам укуктары жана мыйзамдуулук ал коопсуздуктун бир бөлүгү. ЕККУга 57 мамлекет мүчө, жана алардын бири - Кыргызстан. Биз, Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү, сизди өзүңүздүн моралдык миссияңыздан пайдаланып, биздин бийликке сөз жана чогулуш эркиндигин чектөөсүн токтотушун, жарандарды негизсиз камакка алууларды, адам укуктарын сыйлабастыкты токтотууга чакырууну суранабыз", - деп жазылган кайрылууда.

Активисттер ЕККУга акыркы чара жана үмүт катары кайрылып жатышканын белгилешкен.

"Өзүңүздүн даражалуу кызматыңыздан пайдаланып, Кемпир Абад окуясы боюнча саясий туткундарга карата болгон адилетсиздикти жоюуга жана биздин бийликти демократиялык башкарууга кайрылууга чакырабыз. Абактагылардын өмүрү - коркунучта. Алар тезирээк бошотулушу керек деп кооптонуп келебиз", - дешет алар.


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Төртөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарлган.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 27-мартта укук коргоочуларга, акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ден соолугу начарлаган активисттердин кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын айтып, далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу бир нече жолу комментарий берип, бул маселеге акыркы чекитти сот коёрун айткан. Ошондой эле ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG