Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Акылбек Жапаров окуу программаларын кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты


Акылбек Жапаров. 6-апрель, 2023
Акылбек Жапаров. 6-апрель, 2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров окуу программаларын толугу менен кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал тармакты реформалоо боюнча 6-апрелде Бишкекте өткөн форумда билдирди. Жапаров билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш багытты атады. Алардын бири окуу программаларын эмгек рыногунун талабына ылайыкташтыруу экенин белгиледи.

“Жарым-жартылай чечим чыгарууга убакыт эбак артта калды. Адаптация жараянын эчак эле башташыбыз керек болчу. Биз ар кандай программаларды пилоттук кылып, тигил же бул программаны карап, ар кайсы өлкөлөрдө жана конференцияларда жүргөнүбүздө ийгиликтүү тажрыйбаларды кабыл алууда бир нече доорлор өзгөрдү. Бүгүнкү күндө биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллекттин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунддун ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат”, - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жапаров билим берүү тармагын реформалоонун экинчи багыты окутуунун сапатын жогорулатуу экенин белгиледи. Үчүнчүсү, инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү. Төртүнчү багыт - билим берүүгө ийкемдүү мамилени киргизүү. Бешинчиси, чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу.

Ушуларды ишке ашыруунун алкагында өкмөт жакынкы жылдарда мектептер, бала бакчалар жана университеттердин жаңы кампустары активдүү кура турганын айтты.

"Билим берүү министрлиги “Мектеп” басмасын кайра жандандырып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген окуу китептерин биздин мектептерде окутууга жана ишке киргизүүгө ылайыкташышы керек", - деди Жапаров.

Тармакты реформалоо маселеси көп убактан бери эле талкууланып келатат. Март айында билим берүү жана илим министри болуп Каныбек Иманалиев дайындалган. Кызматына киришип жатып ал реформа баштай турганын, билим берүүгө ваучердик система киргизүүгө убакыт келгенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG