Кыргызстандык Мээрим Камчыбекова белгилүү Гарвард университетинин магистрдик программасына өттү. Эми ал 95 миң долларлык окуу акысын төлөө үчүн краудфандинг жарыялады. Ушул тапта анын эсебине кыргызстандыктардан ар кандай суммадагы акча каражаты топтолуп жатат.
“Кыялымдын арты менен Гарвардга келдим”
Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин синхрондук котормо бөлүмүн аяктаган Мээрим Камчыбекова бир канча окуу жайга магистратурага тапшырып, өзүн сынап көргөндөн кийин дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын бири - Гарвардга өтүүнү максат кылган. Ал буга чейин билим берүү, туризм тармагында эмгектенип, тажрыйба топтогон.
“Мени Гарвардга эң биринчиден кыялым, максатым алып келди окшойт. Бул магистрдик программа Master of Education in Learning Design, Innovation, and Technology (Билим берүү тармагындагы дизайн, инновациялар жана технологиялар боюнча магистрдик программасы) деп аталат. Бул билим берүү тармагына жаңылыктарды киргизүү, инновация, технология алып келүү боюнча багыт. Азыр технологиялар тездик менен өнүгүүдө. Мисалы, жакында эле чыккан ChatGPT, Midjourney сыяктуу жасалма интеллект тармагындагы технологиялар тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жатат. Жасалма интеллект билим берүү тармагына сөзсүз таасирин тийгизет. Биз ошол тренддерге даяр болушубуз керек. Бул программанын алкагында биз билим берүүгө кандай жаңылыктарды алып келсе болорун, кандай технологияларды колдонууга мүмкүн экенин, окутуу программаларынын дизайны кандай болушу керектигин, билим берүү ыкмаларын натыйжалуу кылуунун жолдорун изилдеп, үйрөнөбүз. Ар кайсы мамлекеттин билим берүү тармагында иштеген адистер менен бирге окуйбуз”.
Гарвард университети (Harvard University) - АКШдагы жана дүйнөдөгү эң белгилүү университеттердин бири, Массачусетс штатынын Бостон шаарында жайгашкан. 1636-жылы негизделген Гарвардда АКШнын сегиз президенти окуган.
Ошол эле учурда дүйнөдөгү кымбат окуу жайлардын бири. Мээрим Камчыбекова тапшырган бир жылдык магистрдик программанын окуу баасы 95 миң доллар. Бул сумманын ичине магистранттын жатаканасы, тамак-ашы кирет. Азыр Гарвард университети Мээримди колдоо иретинде 12 миң доллар стипендия бөлүп берди. Ал эл аралык студент катары дагы 15 миң доллар насыя алууга камынып жатат. Калган чыгымды жабуу үчүн 3-апрель күнү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, краудфандинг жарыялады.
“Кыргызстандыктар үчүн бул абдан чоң акча да. Канча жылдап чогултсак да, Гарварддын бир жылдык окуу акысына жетпейт экен. Ошондуктан мен элиме кайрылып, колдоо сурадым. Азыр кыргызстандыктар акча которуп жатышат. Үнүм билим берүү министрлигине да жетиптир. Министрдин өзү байланышты. Алар да колдой тургандарын билдирди. Элдин мындай колдоосу мага чоң дем берүүдө. Жардам берчү адамдар сөзсүз табылат деген үмүтүм бар. Бир четинен коркуу, бир четинен ишеним жогору”.
Краудфандинг (ашар) - бул кайсы бир чыгармачыл, илимий, социалдык долбоорлорду, демилгелерди колдоо максатында элден каржы топтоо маданияты. Каражат адатта атайын ачылган эсепке же онлайн платформалар аркылуу чогултулат.
Ал эми билим берүү министрлиги Мээримге “Эл үмүтү” стипендиялык программасына тапшырууну сунуштап, бул стипендиялык программанын алкагында ага жеңилдик берилерин билдирген. Бирок ал эгер мамлекеттик стипендия бериле турган болсо, анын жакын арада чечилишин суранат. Себеби, май айынын ортолоруна дейре каржылык документтерин тапшырып бүтүшү абзел.
“Эл үмүтү” программасы мени колдойм деди. Андыктан мага кепилдик болгондой кылып, бул процессти тездетип беришин суранат элем. Себеби мен окуу жайга 15-майга чейин билим алуу үчүн каржылык мүмкүнчүлүгүм бар экенин тастыктаган сертификатты көрсөтүшүм керек. Ошондон кийин гана мага расмий чакыруу берилет”.
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайына умтулган жаштар
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Азаттык” менен кыска маегинде, “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу жараяны жакынкы 10 күндө жарыяланарын билдирди:
"Мээримге чалып куттуктадым, түшүндүрдүм. Президенттин “Эл үмүтү” атайын стипендиясы бар. Жакынкы 10 күндө жарыяланат. Ошонун алкагында ал гранттык жардам алууга катыша алат. Кээ бир учурда 100, кээ бир учурда 50 пайыз берилет. Бул стипендиянын атайын жобосуна ылайык чечилет”.
Ал эми аталган мекеменин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков “Мээримдин Гарвардга өтүшү мамлекеттик стипендия жөнүндө быйылкы маалыматты эртерээк чыгарууга түрткөнүн” айтты. Ошондой эле, Мээримдин процессти тездетүү жөнүндө өтүнүчү жетекчилик менен кеңешилерин белгиледи.
Буга кошумча, Нуржигит Мырзабеков “Эл үмүтү” стипендиясынын алгачкы жылдагы жыйынтыгы менен бөлүштү:
“Биз былтыр 3-августтан 3-сентябрга чейин бардык билдирмелерди кабыл алдык. 20га жакын киши өз каалоосун билдирип, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия иш алып барып, жыйынтыгында 9 талапкердин документи жактырылып, аларга стипендияны ыйгаруу боюнча чечим чыккан. Бүгүнкү күндө 9 талапкер алды”.
Мырзабековдун билдиришинче, стипендияга ээ болгондор менен атайын келишим түзүлүп, алар окууну аяктаган соң, Кыргызстанга кайтып келип иштеп берүүгө милдеттендирилет.
Мамлекеттик “Эл үмүтү” стипендиясынын негизинде ар кандай суммадагы стипендияга ээ болгондордун тизмеси:
1. Айдай Кадырова – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
2. Мээрим Нурланбекова – Стэндфорд жогорку билим берүү мектеби, “Окутуу, дизайн жана технология” багыты боюнча магистрдик программа;
3. Альбина Шаршенова – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
4. Айсулуу Кожомкулова – Лондон университетинин колледжи, башкаруу, технология жана саясат жаатында магистрдик программа;
5. Ырысбү Жумашова – Пенсильвания университети, гуманитардык жана кесиптик изилдөөлөр колледжи, “Экологиялык изилдөөлөр” багыты боюнча магистрдик программа;
6. Эльвира Исаева – Копенгаген университети (Дания), аспирантура (PhD) “Коомдук саламаттык сактоо” жаатында;
7. Курманбек Кайырбеков – Жонс Хопкинс университети, аспирантура (PhD) “Физика” багыты боюнча;
8. Зинат Кирбашева – Пенсильвания университети, “Юриспруденция” багыты боюнча магистрдик программа;
9. Алмаз Эдилбаев – Остиндеги Техас университети, “Бизнес башкаруу” жаатында магистрдик программа.
Өткөн жылдын май айында Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендиялардын жаңы программасы ачылган. Программанын алкагында дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасына же докторантурасына өткөн 50 улан-кызга, 50 миң долларга чейинки стипендия берилери маалым болгон. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча тапшырууга мүмкүн экендиги, бирок артыкчылык техникалык жана инженердик багыттарга берилери айтылган.
Стипендия боюнча жарлыкка Садыр Жапаров май айында кол коюп, анын жол-жобосу дээрлик үч айга жакын аралыкта иштелип чыккан.
“Мен элиме дайыма ыраазымын”
Мээрим Камчыбекова дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайга өтүп, анын төлөмү үчүн элден жардам сураган алгачкы кыргызстандык эмес. 2014-жылы Айзада Марат да аталган белгилүү окуу жайдын юридикалык мектебине өз күчү менен өтүп, окуу акысы үчүн краудфандинг жарыялаган. Ал ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да кайрылып, президент билим берүү фондунан 500 миң сом бөлүп берген. Калган сумманы коомчулук чогулткан.
Айзада краудфандинг жарыялап жатканда, кийин Кыргызстанга сөзсүз кайтып келерин убадалаган. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, окууну бүткөн соң дароо кайтып келүү кыйынга турган. Анткени эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоо да маанилүү экен деди ал.
“Ошол кезде президент мага 500 миң сомдой берген. Мен кийин аны 10 миң доллар кылып, ProKG (кыргызстандык окуучуларды чет өлкөдө билим алууга даярдоо максатында түзүлгөн жарандык демилге) программасы аркылуу Кыргызстанга которгом. 10 миң долларды биз Америкага окууга өткөн кыргызстандыктарга кайтарып бергенбиз. Кээ бир адамдар 1000 долларга чейин акча берген. Аларга кийин кайтарып бергем. Айрымдары алуудан баш тартышкан. Бирок ал адамдардын акчасы мага өз убагында абдан чоң жардам берген. Мен аларга миң мертебе ыраазымын, дайыма ыраазы болуп жүрөм”.
Айзаданын айтымында, мамлекет сапаттуу билимге умтулган жаштарын колдоого алышы керек. Бул кадрдык саясатты калыптандыруудагы негизги жолдордун бири. Ошол эле учурда алардын алдына өз талаптарын коюшу шарт. Маселен, Айзадага мамлекеттен каражат бөлүнгөндө, эч кандай келишим түзүлгөн эмес.
“Бул жакка Казакстандын “Болашак” мамлекеттик программасы менен келгендер абдан көп. Мисалы, бир кыргызстандык окуган Стэнфорддо 30га жакын казакстандык билим алат. Баары мамлекеттен акча алып келгендер. Эми бул эки өлкөнүн кадрдык потенциалын салыштыруу абдан оор. Ушунча жыл ичинде 15 миңден ашуун казакстандык чет өлкөдө окуп, мекенине кайтыптыр. Бул деген өлкө үчүн чоң салым. Мен Гарвардга өткөндө дагы мамлекет мени менен келишим түзгөн эмес, милдет, талап койгон эмес. Керек болсо мен өзүм аларга чалып келишим болобу деп сурагам. Алар “эч кандай талап болбойт, президенттин указы менен гана акча бөлүнүп калды” дешкен.
Мурда-кийин кыргыз коомунда мындай демилге көтөрүлбөгөндүктөн, Айзаданын билим алуу үчүн коомдон жардам сураганы ар кандай сын-пикирлер менен коштолгон. Бул жөнүндө ал 2014-жылы Гарвардга кетеринин алдында “Азаттыкка” курган маегинде кенен айтып берген:
Ушул тапта Айзада Марат белгилүү McKinsey & Company консалтингтик компаниясында иштейт. Жолдошу, Стэнфорд университетинин бизнес мектебин аяктаган алгачкы кыргызстандык Чыңгыз Жуманазаров менен АКШда жашайт. Ал былтыр күзүндө “Азаттык+” программасына АКШдагы жашоо-турмушу, иши жөнүндө маек курган.
“10 сом жибергендер да болду”
Жыл сайын атактуу Йель университетинин тарыхий кампусунда өтө турган 2 жумалык жайкы мектепке ар кайсы өлкөдөн 150 окуучу катышат. Быйылкы жайкы мектепке катышуу үчүн Ош шаарынын тургуну, Kupuev Academy мектебинин 10-классынын окуучусу Уулкан Кылычбек кызы да билдирме таштап, дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн тең туштарынын арасынан суурулуп чыгып, 100% каржылоону жеңип алган.
Бирок 6,500 долларлык стипендия жол кирени жаппайт. Чоң каржылоо алып, бирок чакан сумманын тартыштыгынын айынан мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеген Уулкан жайкы мектепке барып келгенге билет алуу үчүн социалдык тармактар аркылуу акча топтоо жараянын баштаган.
“Төрт күндүн ичинде эле бардык сумма чогулуп калды. Жардам бир гана Кыргызстандан эмес, Венгриядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан да келип жатты. Ал жактагы кыргызстандык мекендештер колунан келишинче колдошту. Мага жардам бергендер - өзүн камсыздап калгандар эмес, жөнөкөй адамдар, мектеп окуучулары болду. 20, 50 сомдон берип жатышты. “Эже, мен сиздин барышыңызды аябай каалайм” деп 10 сом бергендер да болду. Менин программага өткөнүмө караганда, краудфандингтин ийгиликтүү жүрүшү көбүрөөк кубантты”.
Уулкан ушундай абалда окуучуларды, студенттерди колдогон атайын уюмдар, программалар болушун каалайт. Ал келечекте Йель университетинде билим алгысы келет. Элден жардам чогултулгандан кийин кандайдыр бир жоопкерчилик пайда болгонун айткан окуучу эми башка мектеп окуучуларына эл аралык программаларга туура тапшыруу боюнча ар кандай тренингтерди акысыз өтүп берип жатат.
Йель университети - дүйнөдөгү атактуу жогорку окуу жайлардын бири. АКШнын үч байыркы университетинин катарына кирет. Йель университетин АКШнын 5 президенти, бир нече Нобель лауреаты аяктаган.