Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Блинкен Лавров менен сүйлөшүүдө журналист Гершковичти тез арада бошотууга чакырды


Блинкен жана Лавров. Архив.
Блинкен жана Лавров. Архив.

Жекшембиде АКШ менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары Энтони Блинкен менен Сергей Лавров телефондо сүйлөштү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын журналисти, Орусияда тыңчылыкка шектелип камакка алынган Эван Гершковичти тезинен бошотууга чакырды.

Блинкен кабарчы менен байланышкан жагдайды "кабыл алынгыс" деп атаганын Мамлекеттик департаментке шилтеме берүү менен "Америка добушу" маалымдады.

Блинкен менен Лавров дипломатиялык өкүлчүлүктөргө өз ишин аткара турган шарттарды түзүүнүн маанисин да талкуулашты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Телеграм-каналында маалымдалгандай, Сергей Лавров Блинкенге "орус бийлигинин чечимдерин урматтоо зарылдыгын" айткан.

"Вашингтондогу расмий өкүлдөрдүн жана батыштагы маалымат каражаттарынын бул ишке саясий боёк берип, чуу салышына жол берилбестиги белгиленди", - деп жазылган Москванын маалыматында.

Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист Эван Гершкович 29-мартта Екатеринбургда Москванын Киевге каршы согушуна жана “вагнерчилерге” карата орусиялыктардын мамилеси тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган. Ал тыңчылыкка шектелүүдө.

32 жаштагы Эван 2017-жылдан бери Москвада жашап, соңку бир жылдан бери The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы болуп иштеп аткан.

Аталган басылма кабарчыга коюлган айыптоону кескин четке каккан.

XS
SM
MD
LG