Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Аба ырайы: 1-3-апрель күндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн


 Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.
Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 1-3-апрель күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Ишемби күнү, 1-апрелде абанын табынын көтөрүлүшүнө жана жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам машиналардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Кыргызстанда 2-апрелге карата аба ырайы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 (үшүк -1...-3), күндүз 16…21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 (үшүк -1...-3), күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG