Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

"Өзбекстандын товары басты". Түшүмү баа болбогон дыйкандар


Кыргызстандагы базарлардын бири.
Кыргызстандагы базарлардын бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Ноокен районуна эл менен жолугушууга барып, жергиликтүү дыйкан менен кайым айтышканы интернетке жарыяланды.

Анда Өзбекстанда жашылча-жемиши чек аралаш аймактардын базарын ээлеп, кыргыз дыйкандарына кыйынчылык жаралганы айтылган. Бул окуядан улам ата мекендик өндүрүштү колдоо, жергиликтүү дыйкандардын маселеси күн тартибине чыкты.

25-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районунун жашоочулары менен жолугушуусунда дыйкандардын маселеси көтөрүлдү.

Анда жергиликтүү багбандын жергиликтүү базарларды Өзбекстандан кирген арзан баадагы азык-түлүктөр каптап калганын айтканы, ага Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин берген жообу социалдык тармакта кызуу талкууланууда.

"Азыр базарга кирип көргүлө. Бүт Өзбекстандын товарлары толуп калган. Мөмө-жемиштен баштап кондитердик азыктардын баары бар", - деген жергиликтүү фермер.

"Эки мамлекет ортосунда сизге окшогон бузукулар азыраак болушу керек. Биз эки мамлекетти араң достоштуруп жатсак, сиз алардын товары толуп кетти дейсиз. Сиз анда алардан арзаныраак мөмө-жемиш өстүрүңүз. Сиз биздикилер барып соода кыла албай дейсиз. Эмнеге кыла албайт? Биздикилер Орусияда, дүйнөнүн ар бурчунда соода кылып жатышат го. Кыргызстан экономиканы эркин жүргүзгөн мамлекет. Атаандаштыкка ким туруштук берсе, ошол сата берсин. Ал ошол жактан келип сизден арзан сатып жатпайбы. Башка кыргызстандыктар бизде арзандап калды деп жыргап жатат", - дейт Ташиев.

Видеодогу багбан - Кочкор-Ата шаарынын тургуну Бакытбек Абсаттаров. Ал депутаттар менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ачылышы жана токтобой келе жаткан аткезчилик жергиликтүү дыйкандарды кыйнап жаткан маселени козгогонун айтты.

“Азык-түлүктүн баары кирет. Мен базардан да көрсөтүп бере алам. Консерваланган азыктан баштап балдар үчүн кондитердик таттууларга чейин бар. Мисалы, Шамал-Сайда жер семирткичти Өзбекстандан алып, күйүүчү майды андан кымбат сатып алып коон-дарбыз өстүрүп, эми базарга чыгарайын дегенде Өзбекстандын аткезчилик менен келген дарбыз-коону базарды каптап калды. Анан дыйкандар митингге чыкты, спецназ келди. Муну эч ким чече албайт, өзүнчө чоң мафия. Муну эки жылдан бери көтөрүп жүрөм”.

Ал эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан ID карта менен өтүүсүнө уруксат берилгенден кийин өзбекстандык сатуучулар базарга келип соода кылып жатышканын да айтты.

Бул маселе бир эле Ноокен району менен чектелбейт. Өзбекстанга чектеш жайгашкан дагы бир район – Кадамжайда дыйканчылык менен алектенгендер да ушул көйгөйгө дуушар болуп келет.

Райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдыганы Жолдошев мунун айынан жергиликтүү дыйканчылык азайып жатканын айтты.

“Бардык эле жашылча, мөмө-жемиштер кирет. Биздикилер эми өстүрүп жатканда Өзбекстандан эмнегедир эрте бышып, арзан чыгат да, ошону менен кийинки жылы жергиликтүүлөр өстүрбөй калып жатат. Мурда чек ара жабык турганда жергиликтүүлөр дыйканчылыкты өздөштүрүп, күнөсканаларды куруп, лимонду да өстүрүп калышкан болчу. Кийин Өзбекстанга жол ачылгандан кийин киреше түшпөй, өндүрүш жоголуп жатат”.

Жогорку Кеңештин депутаттары ушул тапта аймактарда эл менен жолушууларды өткөрүүдө.

Жарандык активист Бакай Калматов Ташиевдин дыйканга берген жообун сынга алып, эл өкүлү жарандар тарапта болушу керек деген оюн билдирди.

“Депутат элдин таламын талашканы оң. Дыйкан да элдин бир бөлүгү. Кыргызстандын жарандарын бөлүп-жарбай, бирдей караш керек. Ал “силердей бузукулар элди бөлүп-жарып жатат” деген пикирин суроону түшүнбөй эле айтып койгондой болду”.

Чек арадагы соода демекчи, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода алакасы 2017-жылы Ташкент чек араны ачкандан кийин жанданган. Андан бери өкмөттүк деңгээлде кызматташууну жакшыртууга багытталган бир нече келишимдерге жетишкен.

Көп багыттуу кызматташуунун катарында айыл чарба багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу да каралган.

Алсак, март айынын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкентке сапарында 15 документке кол коюлганы белгилүү болду. Анын катарында айыл чарба багытында биргеликте жерлерди өздөштүрүү, балык чарбасы, органикалык айыл чарба тармагындагы документтер да бар.

Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов эки өлкөнүн ортосундагы достук кызматташтык мамиле бир гана өзбекстандыктар үчүн эмес, кыргыз өндүрүүчүлөрүнө да ыңгайлуу шарт түзүп жатканын айтып, мындан ары эрки экономикалык базар түзүлгөнүн эске салды.

“Азыр биздин да өндүрүүчүлөр Өзбекстандын рыногуна кирип жатат. Алсак, сүт, эт азыктарын жеткирүү жолго коюлганы турат. Андан тышкары агроэкспресс ишке кирет. Мында Кыргызстандан муздаткыч контейнерлерге сүт менен эт жүктөлүп, эч жерде токтобостон түз эле Ташкентке барат. Ал жерден бизден мурда быша турган жер-жемиштерди алып келе турган болобуз”.

Насирдинов Өзбекстанда жашылча, жемиштер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнү үчүн баа арзан экенин танбайт. Атаандаштыкка туруштук берип, сооданын башка жолдорун пайдалануу үчүн жергиликтүү дыйкандар биригүүгө барып, чоң көлөмдү камсыздоого жетишүүсү керек деп эсептейт.

Ал ата мекендик өндүрүштү колдоо багытында айыл чарба жана агро өнөржай өндүрүүчүлөрүн каржылоо боюнча "Айыл банк", РСК банктары аркылуу эки долбоор иштеп жатканын билдирди.

Өзбекстан менен чек арага жакын жайгашкан аймактагы аткезчилик маселеси көптөн бери сөз болуп келет.

Былтыр май айынын башында кыргыз-өзбек чек арасында Ала-Бука районунун үч тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болгон. Ага чейин 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган.

Айыл чарба багытындагы адис Манас Саматов эки өлкөнүн бийлиги тең биринчи кезекте аткезчиликти толугу менен жоюп, эркин базарды түзүп бериши керек дейт.

“Өзбектерде жакшы өскөн жемиштер биздин базарларда сатылсын. Биздин сапаттуу, атаандаштыкка туруштук берчү товарларыбыз Өзбекстанга түз кирсин. Эртеби-кечпи ушундай чечимге келишибиз керек. Биз Өзбекстанда жакшы өспөй турган жемиштерге басым жасашыбыз керек. Мисалы, алма, гилас жана мөмө-жемиштердин көп түрү бизде жакшы бышат. Андан тышкары кулпунай, кожогат биздегидей жакшы болбойт. Биз бара-бара кирешени көп бере турган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүү керек”.

Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 11 айда 543 миллион доллардан ашып, 21% өскөнүн 26-январда Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткан. Андан тышкары, Кыргызстанда Өзбекстандын капиталы салынган 60 ишкана иштеп жатат. Анын 22си биргелешкен ишканалар болсо, 38и өзбек капиталы менен иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG