Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Орусия Кыргызстандан балык импорттоону убактылуу токтотту


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

16-февралдан тарта Кыргызстандын балык чарбаларына Орусияга балык экспорттоого тыюу салынды. Буга Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын тогуз чарбанын продукциясына койгон дооматы себеп болду. Кыргызстандын ветеринардык кызматы жакында орусиялык ветеринарлар келип чарбаларды текшере турганын, андан соң экспорттоого жол ачыларын айтууда.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык федералдык кызматы кыргыз өкмөтүнө кайрылып, Кыргызстандан балык ташуу үчүн сертификат берүүнү токтото турууну өтүндү. Буга Кыргызстандан импорттолгон балыктардан тыюу салынган жана зыяндуу заттар табылып жатканы негиз болгону 14-февралда орусиялык мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

"Текшерүүдө инспекторлор дарыя форелдерине окшобогон, андан чоң көлөмдөгү балыктар да ташылып келгенин аныкташкан. Ушуга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл органы быйыл январда тогуз кыргызстандык компаниянын ташып келген азыгын текшермей болду".

Федералдык кызмат бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү кызматтарынан жооп ала албаганын белгилеген. Андан тышкары, балык ташууга уруксат берүү маселеси Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл органынын кызматкерлери кыргызстандык балык чарбаларын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана каралары айтылган.

Ветеринардык көзөмөлгө сын

Кыргызстандагы кыркка жакын балык чарбасы мүчө болгон Балык чарба ассоциациясынын төрагасы Олег Досаев Орусиянын коюп жаткан дооматы кайсы бир деңгээлде жүйөлүү деп эсептейт. Анткени мезгилге жараша балыктар ылаңдап, аны дарылоого туура келерин айтты.

“Мындайда уруксат берилген дары-дармектер колдонулат. Антибиотиктерди же бактерияга каршы каражаттарды колдонбогон балык чарбасы жок. Кээде балыкты сактап калыш үчүн башка дарыларды колдонгон учурлар да болот. Бирок биздин шартта мындай муктаждык кээде гана болот. Эгерде балыктан тыюу салынган заттар аныкталганы жөнүндө маалымат түшсө, ветеринардык кызмат дароо текшерип, буга жооп бериши керек. Бул жерде биздин ветеринардык кызматтын жетиштүү байланыш курбаганынын жана керектүү каражаттар менен камсыздап бербегенин белгилей кетүү керек. Бизде лабораториялар да анчалык жогорку деңгээлде эмес”, - дейт Досаев.

Дагы бир балык фермери Абдисамат Салиев мындай тыюунун салынышына чарбалардын да шалаакылыгы себеп болгон деген ойдо.

"Кирешесин көбөйтүү үчүн балыктарды да көп салышат. Анан алар сыркоолоп, дарылаганга туура келет. Мамлекет лабораторияларды салып, маал-маалы менен чарбаларга келип кабар алып турушу керек".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, соңку жылдары Кыргызстанда балык уулаган чарбалардын көбөйүп жатканын байкоого болот. 2017-жылы алардын саны 178 болсо, 2021-жылы 271ге жеткен.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда былтыр 6871,1 тонна балык сыртка экспорттолгон. Анын көбү Орусия менен Казакстанга сатылат.

Министрлик: адистер жетишпейт

Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл кызматы балык чарбаларын жылына бир гана жолу пландык текшерүүгө алат. Соңку үч жылда мораторийге байланыштуу текшерүүлөр жүргөн эмес.

Министрликтин Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун айтымында, Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен буга чейин да кат алышуулар болуп, алардын кызматкерлери Кыргызстанга келмей болушкан.

“Биз жетекчилерибиздин жоктугуна байланыштуу алардын сапары үчүн бир аз убакыт сураганбыз. Ал кат жөнөтүлөрү менен 16-февралдан тарта Орусияга балык экспорттоого сертификат берүүнү токтото туруу өтүнүчү келди. Ошол себептүү азырынча Орусияга балык экспорттоо токтотулду. Биз Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматына кайрылып, алардын келчү убактысын тактап жатабыз”.

Балык чарбасын иштеткен фермерлер Кыргызстанда жарытарлык лабораториялар жок экенин айтып келишет. Шарапов да бул көйгөйдүн бар экенин ырастап, керектүү шарттарды түзүү боюнча иштер жүрөрүн убадалады.

“Бизде балык чарбасы мурда өнүкпөгөнү үчүн ихтиолог, ихтиопатолог деген адистер жок. Ошол себептүү лабораторияда да бардык эле текшерүүлөр жүргүзүлбөйт”.

Бул жааттагы адистерди даярдоо жана керектүү техникалар менен жабдуу жаатында иш жүрүп жатканын билдирди.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстанда балык чарба тармагында жылына 200 миң тонна балык багууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, бул 1 миллиард долларга чейин киреше берет деп эсептейт. Ошол себептүү айыл чарба тармагында балык чарбасы артыкчылыктуу багыт катары саналып шарт түзүлүшү керек деген ойдо.

“Ветеринардык көзөмөл жагынан коррупциялык элементтерди жоюу керек. Экинчиден, талапты сактабаган чарбаларга жер берүүнү токтотуу шарт. Анткени жогору жактагы чарба талапты сактабаса, анын кесепети ылдыйдагыларга да тийип жатат. Муну былтыр Токмоктогу көйгөй жаралганда баарыбыз көргөнбүз. Ошол үчүн бул жакты да иреттеп коюу керек".

Былтыр январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө балыктын жапырт кырылышы кызуу талкууланган. Балык чарба департаменти балыктар бир клеткалуу митеден өлгөнүн аныктаган. Илдет балыктын бакалооруна жармашып, дем алуу жолдорун бууп салгандыктан, алар аба жетпей тумчугуп өлөт деген жыйынтык чыккан. Ошондон улам Ысык-Ата жана Чүй райондорундагы көлмөлөрдө багылган балыкты сатууга жана экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Бул көйгөйдүн чыгышы менен балык чарбаларында санитардык-экологиялык талаптардын толук аткарылбай жатышы да көтөрүлгөн.

Мамлекеттик реестр боюнча балык чарбаларынын 87% Чүй менен Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Чүйдө 149 балык чарбасы болсо, көлмөлөрдүн жалпы саны миңге чукул. Реестрге кирбеген чарбалар да көп.

XS
SM
MD
LG