Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

The Moscow Times орус жарандары кыргыз паспортун алып жатканын жарыялады


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык The Moscow Times Кыргызстандын президентинин чет элдиктерди жарандыкка кабыл алуу жөнүндө жарлыгын изилдеп чыгып, Орусиянын жарандары кыргыз паспортторун алып жатканын аныктады.

Материалда Кыргызстандын паспортуна ээ болгон бир катар адамдардын фамилиялары мисал келтирилип, алардын айрымдары Орусиянын аткаминерлеринин жакындары экенин жазган. Мындан сырткары программисттер, финансисттер жана ишкерлер бар экени көрсөтүлгөн.

Басылма мисал катары президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 26-октябрындагы жарлыгын изилдеген. Анда 313 адам Кыргызстандын жарандыгын алса, анын 50дөйү Орусия Федерациясында жана 150дөйү РСФСРде туулганы көрсөтүлгөн. Алардын арасында аты-жөнү орустарга жана кыргыздарга окшош адамдар бар.

Президент Садыр Жапаров былтыр үч ирет Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 6413 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген. Алардын да басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.

Жапаровдун быйыл 16-январдагы жарлыгына ылайык Кыргызстандын жарандыгына 1920 адам (1479и чоңдор жана 441и балдар) кабыл алынган. Алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ушул эле күнкү жарлыктын алкагында 205 адам (анын ичинен 187и чоңдор, 18и балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган.

The Moscow Times басылмасы орус жана англис тилдеринде жазган голландиялык медиа. Аны медиамагнат жана ишкер Дерк Сауэр негиздеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG