Ооганстанда талибдердин өкмөтү куруп жаткан Коштөбө каналы Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө олуттуу суу таңкыстыгын жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.
2022-жылдын 31-мартында “Талибан” өкмөтү өлкөнүн түндүгүнө чоң канал куруу долбоорун сунуштаган. Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат.
Ал тапта "Талибан" Коштөбө каналы “Өзбекстан менен кызматташтыкта курулат” деп жарыялады. Ташкент кызматташууга даярдыгын, бирок Амударыядан суу алууда эл аралык укук талаптарына амал кылуу зарылдыгын эскертүүдө.
"Суу 10-15% төмөндөйт"
Долбоор боюнча каналдын узундугу 285 километр, жазысы 100, тереңдиги 8,5 метр.
Kun.uz сайты ансыз да суунун тартыштыгы, кургакчылык көйгөйү менен күрөшүп жаткан Өзбекстандын алдында дагы бир олуттуу көйгөй пайда болгонун жазды. Журналисттердин эсебинде Коштөбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулат.
Өзбекстандык окумуштуу, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Усман Норкулов Коштөбө каналы кандай кесепеттерге алып келишин аталган басылмага түшүндүрүп берген:
“Азыр деле Ооганстан сугат үчүн Амударыядан 7 куб километр суу алат. Аны дагы 10 куб километрге көбөйтүү пландалып жатат. Андай болсо суу 10-15% төмөндөйт. Бул жагдай дарыянын ылдый жагындагыларга терс таасир тийгизет. Ал Тажикстанга байкалбайт, бирок негизги сокку Өзбекстан менен Түркмөнстанга урулат. Айрыкча, дарыянын этек жагында жайгашкан Каракалпакстан менен Хорезм облусунда олуттуу таңкыстык жаралат”.
Кабулдагы сүйлөшүү
22-мартта Өзбекстандан расмий делегация Кабулга барды. Талибан өкмөт башчысынын орунбасарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадар Twitter баракчасына өзбек тарап “Коштөбө каналынын курулушу боюнча техникалык кызматташууга даярдыгын билдиргенин” жазды. Ал өзбек делегациясына Коштөбө каналынын курулушу эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызмат кыларын айтты.
Анын алдында Өзбекстандын президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Комилов баштаган делегация Кабулда Талибан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушканын расмий Ташкент кабарлаган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында “жолугушуулардын алкагында суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы” белгиленген, бирок анын чоо-жайы айтылган эмес.
Ал эми Барадардын маалыматында Ташкент Амударыядан суу алууда эл аралык укук талаптарына амал кылуу зарылдыгын эске салганы белгиленген.
"Канал космостон көрүнөт"
Каналдын курулушу бир жыл мурун башталган жана 4000 миңдей жумушчу иштеп жатат. Баштапкы план боюнча, алты жылда аягына чыгарыш керек. 684 миллион долларга бааланган долбоорду Ооганстандын Улуттук өнүктүрүү компаниясы ишке ашырууда.
Профессор Норкулов канал курууда өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы технология колдонулуп жатканын, мындан улам суунун дээрлик жарымы максатына жетпей чөлдө жок болушу ыктымалдыгын белгилейт.
Экология жаатында эксперт, журналист Наталья Шулепина талибдер Амударыядан агызып келген сууга түндүктөгү үч облусунун айыл-чарбасын өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтат. Sreda.uz сайтына жарыялаган макаласында ал каналдын 40 км бөлүгү казылганы онлайн картадан, ал тургай космосдан көрүнүп турганын жазып, сүрөт жарыялаган.
Коштөбө каналы ишке түшкөндөн кийинки кесепети тууралуу азырынча Түркмөнстанда жана Тажикстанда эксперттердин реакциясы байкалбайт.
Борбор Азия өлкөлөрүндө Ооганстан менен суу бөлүштүрүү боюнча эч кандай келишими жок. Анткени Ооганстан чек арадагы суу агымдарын, эл аралык көлдөрдү коргоо жана пайдалануу боюнча БУУнун конвенциясына кол кошулган эмес.
Өзбекстан 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган Талибан өкмөтү менен кызматташкан дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири.
Талибдер түзгөн өкмөттү эл аралык коомчулук тааныбайт. Кыргызстанда "Талибан" кыймылы экстремисттик деп табылган жана ишмердигине тыюу салынган.