Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

Журналист Ыдырыс Исаков суракка чакырылганын билдирди


Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына бүгүн 23-мартта суракка чакырылды. Ал «Азаттыкка» билдиргендей, милицияга кадыр-баркына доо келтирилгени тууралуу журналистке каршы арыз менен Ош шаардык Салык кызматынын инспектору кайрылганы белгилүү болду.

Исаковдун айтымында, ага Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургундарынын бири беш сотка жерин ошол инспектор жасалма документ менен өзүнө алып алганын айтып кайрылган. Журналист окуянын дайынын билиш үчүн барганда ал салык кызматкери жооп берүүдөн баш тартып, качып кетип жаткан видеосу Интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан.

Исаков ошол окуянын эртеси күнү инспектор өзү кайрадан кайрылганын, документ жасалмалоо болбогонун, эч кандай күнөөсү жоктугун, ага карата жөн жерден каралоо болуп жатканын айтып бергенин билдирди.

Быйыл 5-февралда да Исаков Ош шаардык милициясына чакыртылып, 2020-жылы 9-октябрда тарткан эски видеосуна байланыштуу суралган. Себеби ошол видеодогу азыркы президент тууралуу айткан жери кесилип алынып, быйыл февралда TiK Tok платформасы аркылуу тараган. Ош шаардык милициясы Исаковдун Садыр Жапаров тууралуу айткандарын кайра тараткан TiK Tok баракчасынын ээси изделип жатканын, анын аталышы чагымчыл мүнөздө болуп калганын билдирген.

Бүгүнкү сурак боюнча милиция органы азырынча маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG