Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Ооганстан менен Пакистандагы жер титирөөдө кеминде 13 киши набыт болду


Пакистандагы жер титирөөдөн кийин сыртка чыгып турган балдар. 21-март, 2023-жыл.
Пакистандагы жер титирөөдөн кийин сыртка чыгып турган балдар. 21-март, 2023-жыл.

Пакистан менен Ооганстанда шейшемби күнү кечинде 6,5 баллдык жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, 90дон ашууну жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өкмөт өкүлдөрүнө таянып билдирди.

Пакистандын түндүк-батышында расмий эсепте кеминде тогуз киши каза таап, 44ү жаракат алган. Ооганстанда бери дегенде төрт адам өлүп, 50дөйү жараат алганын "Талибан" өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү маалымдады.

Эки өлкөдө бир канча турак жай жана имараттар да зыян тарткан.

21-мартта Бишкек убактысы менен 22:47деги силкинүүнүн күчү Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Индияда да сезилген.

Былтыр Ооганстандын чыгышында 6,1 баллдык жер титирөөдө миңден ашуун адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG