Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

"Күйөөм уулубузду тарбиялаган". Сабалган баланын атасы камалды


Былтыркы жылы балдарга карата жасалган зомбулуктун саны 2300дөн ашкан
Былтыркы жылы балдарга карата жасалган зомбулуктун саны 2300дөн ашкан

Чүйдө 12 жаштагы баланын денеси тытылганча сабалышы коомчулукту нааразы кылды. Бир нече жолу ур-токмокко кабылганы айтылган баланын атасы бир айга камакка алынды.

Атасынын ур-токмогуна кабылганы айтылган 12 жаштагы Карим (аты өзгөртүлдү) Чүйдүн Москва райондук ооруканасынын сынык оорулар бөлүмүндө дарыланып атат.

Интернетте анын далысында мурда жана кийин да катуу ургандан калган тактар тартылган сүрөттөр өткөн аптанын соңунда тараган.

Москва райондук ооруканасынын сынык оорулар бөлүмү
Москва райондук ооруканасынын сынык оорулар бөлүмү

Бала 17-мартта мектепке барып, сабак учурунда колу ооруп жатканын мугалимине айткан. Мектептин медайымы текшергенде баланын колу-буту көгала экенин, далы жана бел тушунда таяктын тагы бар экенин көргөн. Адис бул тууралуу мектеп жетекчилигине кабарлап, район башчысына маалымат берилгенден кийин Карим ооруканага жаткырылган.

“Канаган денесин тазалап, улам дарылап турам”

Каримди ооруканада азыр апасы карап жатат. Атасын укук коргоо органдары бир айга камап, тергөө иштери башталды.

Бала атасынын ур-токмогу тууралуу айтып берүүгө көңүлдөнбөдү.

Апасы Самира (аты өзгөртүлдү) Карим анын тун уулу экенин, тентектиги ашынып кеткенде жолдошу "тарбиялоо" үчүн какыс-кукус кылганын айтып берди:

Атасынын зомбулугуна кабылды делген Каримдин ушул сүрөтү интернетке тарап кеткен.
Атасынын зомбулугуна кабылды делген Каримдин ушул сүрөтү интернетке тарап кеткен.

“Каримди урганда аркасында чапкан жерлери канап калат. Мен баланы жуунтуп, дары май сүйкөп, жаткырып коем. Балам аябай шок. Биз жокто ширеңке чагып, үйдү өрттөп жибере жаздаган. Өзүнөн кийинки эки инисин үгүттөп, аларга тамеки чеккенди үйрөтүп жатканда бир кармалды. Кийин сабак учурунда айылдын борборунда жүргөнүн көрүп калдык. Окуусу да начарлап, соңку күндөрү тентектиги ашынып кетти. Атасы ушундай жоруктары үчүн кол көтөрдү. Таяк жеген сайын балама бул кылганы туура эмес экенин, атасы ага жамандык каалабасын түшүндүрөм. Жолдошум балага кол көтөргөнү үчүн өкүнөт, аны көрүп мен ыйлайм. Айтор айлабыз кетти”.

Самира буга чейин кол көтөрүүнү бала тарбиялоо ыкмасы катары көрүп келгенин моюнга алды.

Каримдин денеси көгала болгонун мектептин медайымы көргөн
Каримдин денеси көгала болгонун мектептин медайымы көргөн

“Күйөөм өзү атасыз өскөн. 12-13 жашында жаман чөйрөгө кошулуп, спирт ичимдиктерин ичкенин, үйдөн качканын, апасынын акчасын уурдаганын эстеп, өкүнөт. Эрезеге жеткенде кумар оюндарына азгырылыптыр. "Убагында тыйып койгон киши болсо, мындай иштерге бармак эмесмин" дейт. Анан Каримдин да ошол жолго түшүп кетишин каалабайт. Бизде үйдө болуп аткан чырды сыртка чыгарбайбыз, баланы урганын тарбиянын бир ыкмасы катары эсептеп келгем. Элдин жазганын окуп, баланы таяктоо туура эмес экенин билдим. Бирок, күйөөм менен ажырашып, балдарымдын атасыз өсүшүн каалабайм. Ал биз үчүн баарын кылат, эч нерседен кем кылган жок. Чакан чарбабызды күнү-түнү иштетет. Күйөөм азыр кылганына өкүнүп, ыйлап отурат. Мен анын соттолуп кетишин каалабайм”.

Самира күйөөсү өзүнө жана калган эки уулуна кол көтөрбөгөнүн айтууда.

Укук коргоо органдары, Москва районундагы социалдык кызматкерлер Каримди таякесинин колуна өткөрүп беришкен. Учурда ал убактылуу асыроочу катары балага көз салууда.

Каримдин таякеси Мавлян күйөө баласынын кылганы туура эмес экенин белгилеп, бирок үй-бүлөнү сактап калуу зарыл деген пикирин билдирди.

Каримдин таякеси Мавлян
Каримдин таякеси Мавлян

“Биз мындай болуп жатканын билген эмеспиз, билгенде баары башкача болмок. Күйөө бала үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай бакты, дем алыш күндөрү дайыма алар менен убакыт өткөрүп, окуу башталганда мектебине жеткирип, кайра алып кетип турду. Бала азыр “эмнеге атам жөнүндө айттым экен, мындай болуп кетерин билгенде унчукпайт элем” деп отурат. Ар бир үй-бүлөдө баланы тарбиялоонун өз жолу бар да”.

Москва райондук жалпы дарыгердик практика борборунун башкы дарыгери Болот Шеримбаев азыр Каримдин абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Ульта үндүү изилдөөдөн (УЗИ), томографиядан өткөн баланын ден соолугуна оор залака келбегенин, бирок денесиндеги тактар бир нече жолку ур-токмоктон калганын айтты.

Болот Шеримбаев
Болот Шеримбаев

“Бала зомбулукка кабылганын билдирип, мектептен 17-март күнү алып келишти. Биз дароо тийиштүү медициналык жардам көрсөттүк. Баланын абалы азыр жакшы. Анын далысында калган тактар бир апта мурда сабалгандан калган болушу мүмкүн. Ал эми андан башка тактары бир нече жолу сабалгандан калган. Бизде психолог жок болгондуктан райондук акимият бул адисти ишке тартты, ал бала менен ишин улантат. Биз тараптан жасалчу иштин баарын бүтүрдүк. Анализдерин да алдык. Буга чейин баланын ден соолугуна байланыштуу биздин ооруканага кайрылуулар болгон эмес”.

12 жаштагы Карим өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы тууралуу кабардан көп өтпөй Ош шаарынын Жапалак айылында да үч жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калганы айтылган.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” окуя 19-мартта болгонун, аны укук коргоо органдары кокустук катары каттоого алганын билдирди.

“Балдарды коргоо лигасы” коомдук бирикмесинин башчысы Назгүл Турдубекова үч жаштагы бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жаап-жашырып жатканын Фейсбукка жазган.

Ал баланын жакындары наристенин сөөгүн дароо эле жерге бергенин, милицияга, “Тез жардамга” кайрылбаганын белгилеген. Баланын жакындары бул дооматка жооп бере элек.

"Баланын укугун коргогон адистер керек"

Былтыр жай айында кабыл алынган Балдар кодекси тууралуу мыйзамда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык жактан коргоонун механизмдери, жардамга муктаж наристелерди аныктап, кароо жолдору күчөтүлгөн.

Барган сайын зордук-зомбулукка кабылган балдар көбөйүп жатканын айтып, коңгуроо каккан укук коргоочулар президент Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Алар өз тынчсыздануусунда бала менен иштеше турган психологдордун жоктугу мамлекеттин чоң кемчилиги болуп жатканын, атайы адистерди жумушка тартуу керектигин билдирген.

Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу
Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу

“Кыргызстандын башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир өзгөчөлүгү бар. Бизде эмгек миграциясына чыгып кеткен ата-энелердин саны көп, айрыкча соңку айларда Орусияга кетип жаткандар көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети өзү билдирди. Мамлекет аларга өз мекенинде жумуш ордун түзүп бере албай жатканы маалым. Ошондуктан өкмөт жок дегенде балдардын коопсуздугун коргоп берүүгө тийиш. Ар бир айыл өкмөт, жаңы конуш, район жана шаар деңгээлинде балдар менен иштеше турган миңге жакын социалдык кызматкерлерди ишке тартуу керек. Ар бир мектептин базасында иштеген социалдык педагог бар, бирок анын эмгеги аздык кылат. Көйгөй ушундай жол менен колго алынып, жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келген кадыресе тажрыйба. Үй-бүлө жана балдарды коргой турган социалдык институтту мыйзам чегинде киргизбесек болбойт. Балдар кодексине ушундай механизмдерди бекитип бергиле деп бийликке кайрылып эле келатабыз, азырынча жыйынтык жок. Биз балдардын укугун коргоону мыйзам менен жөнгө салбасак, мындай кылмыштардын саны азайбайт”, - деп айтылган кайрылууда.

Балдардын укугун коргогон адистер Каримдин окуясына байланыштуу анын апасын да жоопко тартууну талап кылышарын билдиришти. Алардын пикиринде, баланы атасы сабаганын билип, укук коргоо органдарына кайрылбаган эне да мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.

Февраль айында да Баткенде эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камалган. Бул чечимге аял жана анын жакындары нааразылык билдирген болчу. Келиндин үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылган.

Камалган келиндин маселеси 2-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда депутат Камила Талиева камакка алынган аял үй-бүлөдө зомбулук көргөнүн, ага психологиялык жактан жардам берүү ордуна тергөө абагына камакка алуу туура эмес экенин айткан.


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда жашы жете электерге каршы жасалган кылмыштар боюнча 2386 иш катталган, анын 771и сотко өтсө, 728и кыскартылып, 887и боюнча тергөө уланып жатат.

Былтыр балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу түшкөн. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар.

XS
SM
MD
LG