Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кытайдын лидери Москвага барат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 20-22-март күндөрү Москвада мамлекеттик сапар менен болот. Бул маалыматты жума күнү Кремлдин басма сөз кызматы ырастады.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат", - деп айтылат Кремлдин 17-марттагы маалыматында.

Бул сапардын алкагында "эки тараптуу маанилүү документтерге" кол коюлары кабарланды.

Кытайдын лидери Бээжин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн тынчтык планын сунуштап жаткан мезгилде Орусияга бара жатат. Кытайдын бул сунушун Батыш четке какканы менен Москва кубаттаган.

Си Цзинпин менен Владимир Путин президент катары баш-аягы 39 ирет көзмө-көз жолуккан. Алар акыркы жолу былтыр сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кездешкен.

Былтыр Путин Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышуу үчүн Бээжинге барып келгенден көп өтпөй Украинага кол салууга буйрук берген. Кытай орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенин айыптоодон баш тартып, Батыштын Москвага каршы санкцияларын сындаган. Батыш өлкөлөрү Бээжинди Орусияны курал-жарак берүүнү караштырып жатат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG