Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Иран бийлиги хижаб эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн жаңы чара сунуш кылды


Ирандык кыз. Тегеран, март 2023-жыл
Ирандык кыз. Тегеран, март 2023-жыл

Ирандын бийлиги хижабды милдеттүү кийүү эрежесин бузгандарды аныктоо максатында жаңы чараларды сунуш кылды.

Парламенттин 14-марттагы жыйынында маданият боюнча комиссиянын мүчөсү Бижан Нобавех жети пункттан турган сунуш киргизилгенин, аларды жогорку жетекчилик колдогонун, Коопсуздук кеңеши талкуулаганын айтты.

Жаңы сунуштарда уруп-сабоо, күч колдонуу өндүү чараларга жол берилбейт. Анын ордуна тартипти бузгандар алдын ала белгиленген жадыбалга ылайык жазаланат. Көзөмөл камералары коомдук жайларда хижаб кийбеген аялдарды аныктоо үчүн колдонулат. Андайлардын чөнтөк телефондорун жана интернетин өчүрүү сыяктуу чаралар көрүлмөкчү. Полиция жана сот органдарына далилдерди чогултуу жана тартип бузгандарды аныктоо милдети жүктөлөт.

Ислам жумуриятында 1979-жылкы революциядан кийин милдеттүү хижаб киргизилген.

Көптөгөн аялдар нааразылык иретинде ал эрежени бузуп, жылаңбаш жүргөн учурлар кездешет. Андай окуялар былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин тутанган митингдер маалында көбөйдү.

XS
SM
MD
LG