Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Өзбекстан: Сенат жаңы Конституция жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды


Өзбекстандын парламентинин төмөнкү палатасынын жыйыны. Ташкент, 9-март, 2023-жыл
Өзбекстандын парламентинин төмөнкү палатасынын жыйыны. Ташкент, 9-март, 2023-жыл

Өзбек парламентинин жогорку палатасы – Сенат президент Шавкат Мирзиеевдин үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна жол ачкан жаңы Конституция жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Мамлекеттик маалымат каражаттары документтин текстин шаршембиде жарыялашты. Маалыматка караганда, Баш мыйзам боюнча референдум 30-апрелде өтмөкчү. Өткөн жумада долбоорду жана шайлоонун датасын төмөнкү палата колдогон.

Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, азыркы президенттин буга чейинки эки мөөнөтү жокко чыгарылып, үчүнчү мөөнөткө ат салышууга жол ачылат.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин былтыр жайда Мирзиеев көтөргөн. Документте Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынганда, аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанган.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Өзбекстандын азыркы Конституциясында 128 берене бар. Жаңыланган Баш мыйзамда беренелердин санын 155 болмокчу.

XS
SM
MD
LG