Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Пакистанда экс-премьер Хандын тарапкерлери менен полиция кайра кагылышты


Имран Хандын тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу. Лахор, 14-март, 2023-жыл
Имран Хандын тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу. Лахор, 14-март, 2023-жыл

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапкерлери менен полиция кайрадан тыш ыргытып, жаш агызчу газ колдонуп кагылышты. Тиреш тартип коргоочулар аны сотко жеткирүү аракетин көргөндө тутанды. Бир күн мурда да полиция экс-премьердин Лахордогу үйүн курчоого алганда, анын таламын талашкандар таш, кыш, союлдарды колдонгон.

Кагылышуулар Карачи, Исламабад, Пешавар жана башка бир катар шаарларда да болду.

Шаршембиде Хан 18-мартта сотко барууга макул болгону менен, полиция ал шартка көнгөн жок.

Панжаб аймагынын бийлиги 100дөн ашык полиция кызматкери жаракат алганын билдирип, алар ок чыгарган деген дооматты четке какты.

Ханга кызматта турганда мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда. Мындан тышкары дагы бир нече иши сотто каралып жатат.

Саясатчы 2022-жылдын апрелинде парламент ишеним көрсөтпөөнү колдогондо бийликтен четтетилген. Ал өкмөт башчы Шебхаз Шарифти аны бийликтен кетирүү үчүн АКШ менен сүйлөшүп алды деп айыптаганы менен далил келтирген эмес. Вашингтон айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG