Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Акыйкатчы: Сасыкбаеванын абакта кармоо шартын жакшыртуу керек


Асия Сасыкбаева сот отурумдаранын биринде. 2022-жыл.
Асия Сасыкбаева сот отурумдаранын биринде. 2022-жыл.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта жаткан экс-депутат Асия Сасыкбаева менен жолугуп чыккандан кийин Жаза аткаруу кызматына аны кармоо шарттарын жакшыртууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, Асия Сасыкбаева камера сыз, нымдуу болуп жатканын айткан. Ден соолугунун абалы канааттандырарлык экенин жана бардык дары-дармектерди өз маалында алып келип жатканын билдирген.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында. Калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Буга чейин бир катар укук коргоо уюмдары, жарандык активисттер менен журналисттер абактагы аялдардын ден соолугу начарлаганын айтып, бийликти аларды үй камагына чыгарууга чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG