Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:17

“Kумтөр” кенде дагы эки карьер ачса болорун билдирди


Кумтөр алтын кени. 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени. 2021-жыл.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы Кумтөр алтын кенинде дагы эки жерден – “Үмүт” жана “Муздуу-Суу” карьерин ачып, ачык жол менен кен казууга болорун билдирди. Компания геологиялык изилдөөлөр былтыр жасалып, ушундай жыйынтык чыкканын кабарлады.

Кумтөрдө кен негизи “Борбордук” карьериндеги 20 жана 21 деген аймактардан казылат. Андан тышкары “Сары-Төр” жана “Түштүк-Батыш” деген да кен казылган жерлер бар.

“Кумтөр Голд Компани” былтыр кенден 17,3 тонна алтын өндүрүп, мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетип келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жеткен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG