Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Садыр Жапаров: Кыргызстан ЖККУ ролун жогорулатууга кызыкдар


ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана президент Садыр Жапаров.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу президент 10-мартта ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алганда айтканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздук боюнча ЖККУ менен кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин, быйыл Кыргызстанда уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен “Бузулгус боордоштук-2023” машыгууларын өткөрүү пландалганын кошумчалады.

Жыл башында Армения өз аймагында уюмдун машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. Ушундан улам “Бузулгус боордоштук-2023” аскердик машыгуулары Кыргызстанда өткөнү калган.

2022-жылдын күзүндө Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.

Былтыр октябрда Кыргызстан да ЖККУнун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартып, Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирген.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. “Бул уюм кагазда гана калып иш жүзүндө иштебейт” деген сын дооматтар айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG