Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 12 жылга соттолду


Мурат Бектанов
Мурат Бектанов

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов катаал режимдеги колонияга 12 жылга кесилди. Бул тууралуу мамлекеттик басылмалар аскердик сотко шилтеме кылып билдиришти. Өкүм 24-февралда чыкканы белгилүү болду.

Бектанов Январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында "Кызмат абалынан аша чабуу" беренеси менен соттолду.

Бектанов былтыр 19-январда кызматынан алынып, февралда кармалган. Кийинчерээк кылмышка шектүүнүн күжүрмөн кырдаалда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы оор кесепеттерге алып келген деп негизделген. Тергөөнүн маалыматына таянсак, өзгөчө абал жарыяланган маалда Бектанов мыйзамсыз буйрук берип, аскердик стратегиялык объектилерди кайтаруусуз калтырган.

Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган, көпчүлүгү кийин бошотулган. Соттук териштирүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG