Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

АФК Кубогу: Кыргызстан Гуам аралдарынын курамасын утту


Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Гуам аралдарынын курамасы менен беттешип жаткан учуру. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Гуам аралдарынын курамасы менен беттешип жаткан учуру. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы АФК кубогунун тандоо турундагы алгачкы оюнунда Гуам аралдарын 2:0 эсебинде жеңди. Беттештеги голдорду Аделя Ахматбекова менен Медина Рысбекова киргизди.

АФК Кубогунун тандоо оюндары ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан "С" тайпасында Австралия жана Гуам аралдары курама командалары менен ойноп жатат.

Учурда кыргызстандык футболчу кыздар бир оюнду жеңип, үч упайга ээ болуп тайпада экинчи орунга жайгашты. Биринчи орунда Австралия курама командасы турат.

Белгилей кетсек, "С" тайпасындагы биринчи оюн 6-мартта өтүп, мында Австралия курама командасы Гуам аралдарынын курамасын 13:0 эсебинде жеңген.

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогунун тандоо оюндарына 21 өлкөнүн курама командалары үч-үчтөн өз ара жети тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи орунду ээлеген жети команда жана экинчи орунду ээлеген эң мыкты бир команда кийинки баскычка чыгат. Ал эми Кубоктун финалдык баскычында 8 команда ойнойт.

20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогу 2024-жылы март айында Өзбекстанда өтөт.(GT)

XS
SM
MD
LG