Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

"Алай" командасы Супер кубокту утуп алды


Кыргызстандын Супер кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Ош шаары. 8-март, 2023-жыл.
Кыргызстандын Супер кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Ош шаары. 8-март, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Супер кубогун Оштун "Алай" командасы утту. Башкы олжо үчүн беттеште "Алай" канттык "Абдыш-Ата" клубун 1:0 эсебинде жеңди.

Беттеш 8-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, оюндагы жалгыз голду "Алай" командасынын чабуулчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди.

Ушуну менен "Алай" командасы үчүнчү жолу (2017, 2018) Кыргызстандын Супер кубогун утуп алды.

Суперкубок үчүн беттеш 2011-жылдан баштап ойнотула баштаган. Алгачкы кубокту Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу уткан. Андан кийин үч жыл катары менен бул кубок Бишкектин "Дордой" клубуна таандык болгон.

Былтыр "Абдыш-Ата" клубу өлкө чемпиону болуп, Кыргызстандын кубогун да уткан. Ал эми "Алай" командасы Кыргызстандын чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG