Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:46

Былтыр эки судья иштен алынып, 17си тартип жоопкерчилигине тартылган


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 4-мартта Бишкекте сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, сөз сүйлөдү. Анда сот реформасынын алкагында судьялардын ротациясы өңдүү бир катар иш-чаралар болгонун белгиледи. Ошол эле маалда бул тутум өнөкөт терс көрүнүштөрдөн толук арылбай жатканын айтты.

"Акыркы жылдары сот тутумуна өзгөчө көңүл бурулуп, сиздердин көз карандысыз болууңарга бардык аракеттерди кылып жатабыз. Бирок айрым судьялар көнгөн адаттарын койбой, өз кызыкчылыгын көздөп кылмышкерлердин жосундарынын оордугуна көз жуумп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалоону, ошондой эле пара талап кылууну көнүмүш адатка айлантып, андай өнөкөттөрдөн арыла албай жатканы абдан өкүндүрөт. Былтыр Судьялар кеңешине келген кайрылуу, даттанууларды талдоонун жыйынтыгы менен 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзамды бузганы эки судья кызматынан бошотулуп, дагы эки судьяга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берилгени маалым. Дагы бир кейиштүү нерсе, көп иштер айлап-жылдап каралаары белгилүү. Айрым судьялар кымбат кыймылсыз мүлктөр боюнча белгилүү бир тараптардын пайдасына багытталган чечимдер чыгарылганы тууралуу фактылар аныкталып жатат",-деген Жапаров.

Өткөн айда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алды. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган.

Жапаров ошондой эле судьяларды коомчулукка ачык болууга, жарандык коом менен иштешүүдөн качпоого, чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгарылган өкүмдөр тууралуу кеңири маалымат берип турууга чакырган.

Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык азая элек. Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

XS
SM
MD
LG