Бишкекте 4-мартта 2010-жылы Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү митингге чыкты. Ала-Тоо аянтына 40тай адам чогулуп, алар 7-апрель күнүн кызыл календардан алууга каршы экенин билдиришти жана пезидент Садыр Жапаровго, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылуу жолдошту.
Алар 2010-жылы кандуу окуяларда ондогон жаран окко учуп, дагы бир канчасы жараат алганын, ал окуяларды эскерип-эстеп туруу маанилүү экенин белгилешти.
Өткөн айда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда айрым майрамдык күндөрдү дем алыш эмес, жумуш күнү деп жарыялоо сунуштаган. Ага ылайык, 23-февралдын (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелдин (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам макамын калтырып, бирок эс алуу эмес, иш күндөрү деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарган.
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдердин натыйжасында 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келет.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Курманбек Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, ал өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча коюлган. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.
Бакиевдер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.