Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Украина тарапта согушкан орусиялык ыктыярчылар корпусу Брянскиге киргенин билдирди


"Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" согушкерлери Брянск облусунда
"Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" согушкерлери Брянск облусунда

Орусиянын маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдары бейшембиде эртең менен Украина менен чек аралаш Брянск облусунда куралдуу кагылыштар болгонун жазышты.

Маалыматтарда Любечане жана Сушаны деген эки айылга украин аймагынан диверсиялык чалгын топтору киргени айтылат.

Айылдардын биринде тартылган деген социалдык тармактарда тараган видеодо камуфляж кийген адамдар "Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" мүчөлөрү экенин, "ата мекенин бошотуу" үчүн келгенин айтышууда. Алар тынч эл менен эмес, Путиндин режими менен күрөшүп жатканын айтышкан.

Алардын бири украин куралдуу күчтөрүнүн алардын операциясынан кабары жок деп билдирди.

Маалыматка караганда, корпус украин армиясынын Эл аралык легионунун бир бөлүгүн түзөт. Ага украин тарапта согушкан орусиялык мигранттар кирет.

Украин президентинин кеңсесинин расмий өкүлү окуяны "чагым" деп атады. Ошол эле маалда Орусияда партизандык кыймыл кеңейип жатканын белгиледи.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Брянск облусунун Климовск районунда мамлекеттик чек араны бузган украиналык улутчулдарды жок кылуу операциясы" жүргөнүн билдирди.

Бир нече сааттан кийин ТАСС агенттиги "украиналык диверсанттар орус аймагынан чыгып кетти болушу мүмкүн" деп кабарлады. Жапырык маалында жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок. Ага чейин бир айдоочу окко учканын, 10 жаштагы бала жаракат алганы тууралуу кабар тараган.

Байкоочулар окуянын айланасында карама-каршы маалыматтар түшүп жатканын, бүдөмүк жерлер көп экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG