Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Прокуратура Нукус окуяларына айыпталгандарга 5-12 жыл жаза сурады


Нукустагы демонстрация. Июль, 2023-жыл
Нукустагы демонстрация. Июль, 2023-жыл

Былтыр Каракалпакстанда болгон кандуу окуялар боюнча Бухарадагы сотто 27-февралда прокуратура айыпталып жаткан 39 кишинин көбүн беш жылдан 12 жылга чейин абакка кесүүнү сурады. Мындай маалыматты Өзбекстандын Жогорку соту таратты.

Соттолуп жаткандардын көбү жапырт башаламандыкка катышуу жана башаламандык уюштуруу, дагы бир нечеси коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды чыгаруу жана сактоо, курал-жаракты тартып алуу үчүн айыпталууда. Жети кишиге кимдир бирөөнүн саламаттыгына оор зыян келтирген деген күнөө тагылып жатат.

Өзбек маалымат каражаттары кабарлагандай, Нукустагы кан төгүүгө байланыштуу соттун бул жолку отуруму 6-февралда башталган. Айыпталып жаткандардын арасында юрист, адвокат, журналист, аскер кызматкери, айдоочулар, ишкерлер жана жумушсуздар бар.

31-январда аяктаган дагы бир жараянда негизги айыпталуучу деп эсептелген активист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга кесилген. Дагы 17 киши 3-8 жылга эркинен ажыратылып, төртөө сот залынан бошотулган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Акциялардан кийин президент Шавкат Мирзиеев жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу берене өзгөртүлбөсүн билдирген. Ошол кезде ал аты аталбаган чет элдик күчтөрдү баш аламандыктарды уюштурду деп айыптаган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар жумурияттагы окуялар маалында күч түзүмдөрү тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгонун белгилеген.

1-мартта АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Каракалпакстандагы тополоңдо тартип коргоо органдары тарабынан адам укуктарын бузуу тууралуу айыптоолорду толук жана ачык иликтөө маанилүү экенин Ташкенттеги кабарчыларга билдирди.

XS
SM
MD
LG