Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Икрамов өкмөттүк кортеждер боюнча маселе көтөрдү


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 1-марттагы парламенттин жалпы жыйынында Бишкек шаарында эртең менен жана кечкисин негизги жолдорду жабууга себеп болуп жаткан өкмөттүк кортеждер боюнча маселесин көтөрдү. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, эл кортеждердин айынан жумушка, окууга кечигип жатканын айтты.

"Бизде жумушка келатканда жана кечинде иштен кайтканда жол тыгыны көйгөй болууда. Жогору жактагы адамдардын кортеждери элдер жумушка чыга электе өтсө, кечкисин саат сегиздерден соң кайра чыкса жакшы болот эле. Жолду МАИ кызматкерлери тоспой, ушул маселени бир чечип бересиңерби? Эми көпчүлүк эл көчөдө кортежди күтүп туруп калып жатат, машинелер жылбай калууда", - деди депутат.

Депутаттын бул суроосуна президенттин өкүлү жооп берген жок. Бишкекте президент жана бийликтин башка бутактарынын жетекчилери жумушка кетип жаткан учурда күч органдары айрым жолдорду тосуп салганы коомчулукта дайыма сындалып келген.

40 миң автомашинага эсептелген баш калаада учурда 500 миңдей машина бар экенин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 2022-жылы Жогорку Кештин отурумунда билдирген.

Бишкекте соңку жылдары автомашина көбөйгөндүктөн эртең менен жана кечкисин, айрыкча суук түшкөндө унаа тыгыны көйгөйгө айланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG