Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Орус прокуратурасы тывалык аскерлер сабалганына далил тапкан жок


Украинадагы согушка мобилизацияланган аскерлер. 21-октябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Украинадагы согушка мобилизацияланган аскерлер. 21-октябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын аскердик прокуратурасы Украинадагы согушка мобилизацияланган тывалык аскерлер сабалганын далилдеген фактыларды тапкан жок. Мындан улам кылмыш иши ачылбаганын РБК агенттигине прокуратуранын өкүлү Андрей Воронкин билдирди.

Февралдын башында Украинанын Донецк облусуна жөнөтүлгөн тывалыктар чогуу кызмат өтөгөндөрдөн, аскердик полициядан ыдык көргөнүнө даттанган. Алар фронтко даярдыксыз барганын жана башаламандыктан улам командирлерсиз калганын айтышкан. Ошол эле маалда алар согушуудан баш тартуу тууралуу сөз кылган эмес.

Тыванын жетекчиси Владислав Ховалыг андай мамилени «мобилизациялангандардын шарттарына көлөкө түшүргөн абдан өөн окуя» деп сыпаттаган.

Андан кийин жумурияттын бийлиги аскерлер Тывада жайгашкан бригаданын курамында экенин билдиришти.

Донецкидеги жикчил күчтөрдүн мурдагы жетекчиси Игорь Стрелков арызды текшерүү үчүн коргоо министринин эки орун басары жөнөгөнүн жазган. Анын айтымында, мобилизациялангандар аларды салгылашуулар жүрүп жаткан Авдеевка тарапка жөнөтүү аракетинен кийин даттанышкан.

Тыва – Орусиянын эң жакыр аймактарынын бири болуп саналат. "РИА-Рейтинг" мамлекеттик изилдөөсүнө ылайык, республика 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоонун сапаты жагынан 85-орунга чыккан.

Былтыр сентябрда орус президенти жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин активисттер урушка аз улуттардын өкүлдөрү көбүрөөк тартылып жатканын айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG