Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Казакстанда кыргызстандык мигранттар менен жолугушуулар өтүүдө


Чымкенттин көчөсүндө тартылган сүрөт. Иллюстрация
Чымкенттин көчөсүндө тартылган сүрөт. Иллюстрация

Чымкент шаарындагы атышуудан кийин жүргүзүлгөн рейдге байланыштуу Казакстандагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Алматы аймагындагы башкы консулу Назарали Арипов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жолугушууларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Ошол рейдге байланыштуу биз мекендеш-мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн Тараз шаарына келдик. Андан тышкары жергиликтүү миграция кызматынын жетекчилери менен да жолугабыз. Бүгүн бул жакта болобуз. Эртең, 24-февралда Чымкентке барып, ал жакта жолугушууларды уюштурабыз", - деди Арипов.

20-февралда курал-жарак саткан дүкөнгө кирген эркек киши сатуучу аялдан "Сайга" мылтыгын сураган. Кийин сатуучунун башына курал такап коркуткан жана мылтыкты алып чыгып кеткен. Андан соң дүкөндүн коопсуздук кызматынын адистери менен атыша баштаганда бир киши жараат алган. Tengrinews басылмасы Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып Чымкентте атышуу уюштурган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал өзбекстандык экенин жазган. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG