Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кара-Буура районунун аталышы Айтматов деп өзгөртүлөт


Кара-Буура районунун кире бериши.
Кара-Буура районунун кире бериши.

Парламенттин 22-февралдагы жыйынында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чимгент айылын Чолпонбай, Кара-Буура районун Айтматов деп атоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Өткөн жылдын октябрь айында Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымын ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган.

Анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, тарыхый, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, улуттук идеологияны чыңдоо максатында иштелип чыкканы белгиленген.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын эмгектери дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG