Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Активисттер Саакашвилини бошотуу талабы менен акция өткөрүштү


Грузияда Саакашвилини колдоп чыккандар.
Грузияда Саакашвилини колдоп чыккандар.

Дүйшөмбү күнү Грузиянын Тбилиси, Батуми жана башка бир катар шаарларында мурдагы президент Михаил Саакашвилини бошотуп, Европага дарыланууга жөнөтүүнү талап кылган акциялар өттү.

#FreeSaakashvili акциясы АКШда жана Европадагы бир катар мамлекеттерде уюштурулганын маалымат каражаттары жазышты. Бишкекте да айрым активисттер Саакашвилини колдоп чыгышканы тартылган видео Твиттердеги @UrmatDzhanybaev аккаунтка жарыяланды.

Мындай акция белгилүү орусиялык оппозициячыл блогер Марк Фейгиндин демилгеси менен "Михаил Саакашвилини бошотуу үчүн бүткүл дүйнөлүк күрөш күнүнүн" алкагында өттү.

Алты жылга соттолгон Грузиянын мурдагы президенти былтыр жыл аягында абактан Тбилисидеги жеке клиникалардын бирине которулган. Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышкан. Саакашвили өзү уулануунун курмандыгы болгонун билдирген. Грузин бийлиги муну четке кагууда.

Өткөн аптада Европарламент Тбилисини Саакашвилини бошотууга жана анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

XS
SM
MD
LG