Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Өспүрүм кыздарды рак илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иши күчөтүлөт


Папиллома вирусунун сүрөтү.
Папиллома вирусунун сүрөтү.

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө башталган толук эки ай аралыгында вакцина ала тургандар 68% камтылды, алардын арасынан календарга ылайык 11 жашта эмделе тургандар боюнча көрсөткүч 62-63% болду:

“Бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Ата-энелер жакшы кабыл алды. Бул өтө коркунучтуу оору. Дарыгерлер, тилекке каршы, оору экинчи же үчүнчү стадияга өтүп кеткенде аныкталып жатканын айтууда. Эми, быйылкы жылдан баштап, кыздарыбыз 11 жашка чыкканда Улуттук эмдөө календарына ылайык АДС-М менен бирге бул вакцинаны ала берет. Бул иш-чараларды, түшүндүрүү иштерин дагы күчөтөбүз”.

Ишенапысова жалпысынан 240 миңдей өспүрүм кызды камтуу пландалганын, алардын 167 миңге жакыны эмделгенин, өлкө 400 миңдей доза вакцина менен камсыз болгонун кошумчалады.

Рактын бул түрүнө каршы эмдөө Кыргызстандын Улуттук эмдөө календарына 2022-жылы кирди. Ага ылайык, эми 11 жашка чыккан кыздар бул вакцинаны бекер ала алышат.

Эмдөө башталгандагы алгачкы өнөктүк алкагында 12 жана 13 жаштагы кыздар да кошо камтылды.

Папиллома вирусунун ракты козгой турган бул түрүнө каршы эмдөө дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата ал 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген.

Жатын моюнчасынын рагына жыл сайын Кыргызстанда 500дөй аял чалдыгууда, көбү доктурга адатта илдет өтүшүп кеткенде кайрыларын, аларды сактап калуу оор экенин дарыгерлер айтып келишет.

XS
SM
MD
LG