Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Евробиримдик Украинага курал берет


Мүнхен эл аралык коопсуздук боюнча конференциясынын жыйынтыгында Эстониянын президенти Кая Каллас Украина үчүн Евробиримдик тарабынан курал-жарак алып берүү процедурасын жарыялады. Бул сунушка ылайык, мүчө мамлекеттер Евробиримдикке каражат берген соң, ал курал өндүрүүчүлөр менен ири келишимдерди түзөт. Бул өз кезегинде өндүрүштүн көбөйүшүн шарттайт. Бул өңдүү программа COVID-19 пандемиясы маалында вакцинанын өндүрүшүн жеңилдетүү максатында түзүлгөн эле.

Каллас Европа бир айда өндүргөн артиллериялык снарядды Орусия бир күндө өндүрөрүн, орус өндүрүшчүлөрү күнү-түнү иштерин белгилеп, Евробиримдикти токтоосуз өндүрүштү кеңейтүүгө чакырды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель бул сунушту колдой тургандыгын билдирди.

Конференциянын алгачкы күнүндө эле АКШнын вице-президенти Камала Харрис АКШ Украинаны канча зарыл болсо, ошончо колдой тургандыгын тастыктады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба анын пикирин колдоп, Москваны Украинага каршы “геноциддик согуш” жүргүзүп жатат деп айыптады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон жана анын союздаштары Украинаны бекем колдой тургандыгын белгилесе , НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг эл аралык коомчулук Украинанын жеңишке жеткире турган нерсени бериши керектигин билдирди.

Быйылкы жыйынга Москвадан расмий өкүлдөр чакырылган эмес, батыш мамлекеттери Москваны Украинага басып киргени үчүн дипломатиялык жактан изоляцияда калтыруу максатын көздөөдө.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабдуу басып кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы бул ири согуштун кесепетинен он миңдеген киши мерт болуп, миллиондогон киши жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG